Таланттуу ырчы, ай жаркын айым. Дарика Жалгасынованын сүрөттөгү ирмемдери

Бүгүн – Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү опера ырчысы Дарика Жалгасынованын туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги 81 жаштагы таланттуу инсандын сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik
Дарика Жалгасынова 1941-жылы 20-мартта Талас облусунун Кара-Буура районундагы Чолпонбай айылында төрөлгөн. Балалыгы согуш жылдарына туш келип, атасы фронтко кеткен бойдон кайтып келген эмес. Ошол кыйын кезеңдерде тамеки кургатып апасына жардамдашып чоңойгон. Ырдаганга шыгы бар кыз элеттеги мектепти аяктаган соң Мураталы Күрөңкөев атындагы училищеге тапшырып, кийин Москвадагы Чайковский атындагы консерваториянын вокалдык факультетине сынак аркылуу өтүп кетип, аны артыкчылык менен бүтүргөн. ЖОЖду аяктаган соң Опера жана балет театрынын босогосун аттап, Сайра Кийизбаева, Асанкан Жумакматов, Абдылас Малдыбаев, Насыр Давлесов өңдүү чыгаан инсандар менен эмгектенген. Кийин Асанкан Жумакматов атындагы симфониялык оркестрде солист болуп эмгектенип, жүздөгөн чыгарманы өзүнүн аткаруусунда Кыргыз радиосунун алтын фондуна жаздырып, 72 жашында пенсияга чыккан. Даңк медалы жана Манас орденинин ээси азыр уул-кыздарынын сыйын көрүп, неберелеринин кучагында.
1 / 13

Аткаруучу Москвадагы Чайковский атындагы консерваториянын вокал факультетин артыкчылык менен аяктаган

2 / 13

Сахналаштар Артык Мырзабаев менен Дарика Жалгасынова, "Фауст" операсы, 1973-жыл

3 / 13

Жалгасынова 25 жашында Опера жана балет театрына келген

4 / 13

Опера ырчы жолдошу, композитор Жайлообек Жалгасынов менен

5 / 13

КРдин эл артисти телеге "Дариканын музыкалык өргөөсү" аттуу көрсөтүүсүн, радиого "Мезгил жана музыка" уктуруусун алып чыккан

6 / 13

Жаркоокер эне кыздары менен

7 / 13

Даңк медалы жана Манас орденинин ээси улуттук чыгармалардан тарта дүйнөлүк классикалык операларга чейин аткарган

8 / 13

Түмөнбай Байзаков, Гүлшан Молдоева, Түгөлбай Сыдыкбеков жана Дарика Жалгасынова

9 / 13

Опера ырчысы узак убакыт Асанкан Жумакматов атындагы симфониялык оркестрде солист болгон

10 / 13

Дарика Жалгасынова Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестриндеги кесиптештери менен. 1978-жыл

11 / 13

Опера ырчысы дүйнөлүк классикалык чыгармаларды мыкты чеберчиликте аткарган

12 / 13

Жалгасынова сахнада 72 жашка чейин ырдап, андан соң пенсияга чыккан

13 / 13

Жалгасынованын ырчылыктан, алып баруучуулуктан сырткары кол өнөрчүлүк менен алектенген жайы бар

Тема боюнча:
Жетим өскөн, Акаевдин кеңешчиси болгон. Салижан Жигитовдун сүрөттө калган элеси
Көч көрктүү болсун! Кыргыздардын 150 жыл мурунку турмушунан сүрөт баян
Бопуш, Саяк, Саякбай болуп жашай берет. Марат Жантелиев 61 жашка чыкмак...