Уйкуну кандырбаса эмне болот? Негизги төрт кесепети аталды

Жадагалса бир түн жакшы уктабай калган адам эртеси көп нерсени аткара албай калары анык болду.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Уйкуну кандырбай жүрө берүү адамдын жүрүм-турумун өзгөртүп, ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу чет элдик Ilta-Sanomat басылмасы жазды.
Басылма аз уктоонун айынан келип чыккан төрт негизги көйгөйдү атаган.
Биринчи кезекте мээ толугу менен калыбына келбейт. Уйкунун жетишсиздиги чарчап-чаалыктырып, ой топтоого мүмкүнчүлүк бербей эс тутумду начарлатат. Жадагалса бир түн жакшы уктабай калган адам эртеси көп нерсени аткара албай калат. Адегенде адамдын иш кылууда жана ойлонууда "ылдамдыгы" жайлайт.
Экинчиден, аз уктоо салмак кошууга алып келет. Анткени ачка болуп аткандай сезим жаралып, адам ашыкча тамак жеп алат.
Үчүнчүдөн, уйкунун аздыгы жүрөктүн тез кагышына жана кан басымынын жогорулашына алып келет. Бул мээнин жана жүрөк, кан тамырлардын иштешине зыян.
Төртүнчүдөн, чарчаган адам эч нерсени жактырбай ачууланып жүрөт. Ошондой эле маанайы түшүп, депрессиянын симптомдору да болушу мүмкүн.
Sputnik Кыргызстанга чыккан башка материалдар менен жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Дарыгер сааты жок эле кыйналбай эрте туруунун сырын айтты