Дипломатиялык мамилеге 30 жыл толду. Путин Жапаровго куттуктоо жолдоду

РФ лидери бардык кыргызстандыктарга тынчтык жана бакубатчылык каалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоо жолдогонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
"Бул убакыт аралыгында орус-кыргыз мамилелери стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык деңгээлине жетти. Мазмундуу саясий диалог жана ар кандай тармактарда жемиштүү кызматташтык өнүгүп жатат. Москва менен Бишкек ЕврАзЭСтин, ЖККУнун, КМШнын, ШКУнун жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында натыйжалуу иштешүүдө. Биздин дос элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн, аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо кызыкчылыгында эки тараптуу мамилелердин бүткүл комплексин биргелешкен күч-аракеттер менен мындан ары өнүктүрүүнү камсыздайбыз деп ишенем", — деп айтылат куттуктоо текстинде.
Владимир Путин Садыр Жапаровго бекем ден соолук жана ийгилик, ал эми бардык кыргызстандыктарга тынчтык жана бакубатчылык каалады.
Элчи: Кыргызстандан Россияга экспорттун көлөмү 38%га өстү