Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Ошто Россияга колдоо көрсөткөн митинг болуп өттү. Сүрөттөр

Катышуучулардын айтымында, акцияга артында эч кандай саясий күч турбаган жөнөкөй эл чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Бүгүн Ош шаарында "Россия менен бирге болсок жеңилбейбиз" деп аталган колдоо митинги болуп өттү. Бул тууралуу акцияга катышкан жергиликтүү тургундар билдирди.
Алардын айтымында, иш-чарага артында эч кандай саясий күч турбаган жөнөкөй эл чыккан.
1 / 5

Бүгүн Ош шаарында "Россия менен бирге болсок жеңилбейбиз" деп аталган колдоо митинги болуп өттү

2 / 5

Алардын айтымында, иш-чарага артында эч кандай саясий күч турбаган жөнөкөй эл чыккан

3 / 5

Чогулгандар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы ынак мамиле, акыркы убакта көбөйүп кеткен тышкы чагымчылык тууралуу айтышты

4 / 5

Тургундар ушу тапта Россияда жүз миңдеген кыргызстандык иштеп жатканына, алар бул жакта калган үй-бүлөсүн, жакындарын багып жатышканына да токтолушкан

5 / 5

Аны менен бирге дүрбөлөң түшпөөгө чакырышканы белгиленди

Чогулгандар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы ынак мамиле, акыркы убакта көбөйүп кеткен тышкы чагымчылык тууралуу айтышты.

"Акцияга чыккандардын арасында кыргыздар да, орустар да болду, жалпы жонунан 300дөй киши чогулду. Алар өз сөзүндө негизинен Россия Кыргызстандын жакын досу жана башкы өнөктөшү экенин айтып жатышты", — деди уюштуруучулар.

Тургундар ушу тапта Россияда жүз миңдеген кыргызстандык иштеп, алар бул жакта калган үй-бүлөсүн, жакындарын багып жатканына да токтолушкан. Аны менен бирге дүрбөлөң түшпөөгө чакырышканы белгиленди.
Мындан тышкары, бейөкмөт уюмдардын иши тууралуу да маселе көтөрүлүп, аларга коомчулукту эки жаатка бөлүп жатат деген кине коюлду.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров атайын операция тууралуу: антироссиялык долбоорго бөгөт коюлду
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Министрлик Украинадан кыргызстандыктарды чыгаруу ишинин жүрүшүн айтты