Нооруз күнү Бишкектин борбордук көчөлөрү бир күнгө жабылат. График

Кайгуул милициясы айдоочуларды алдын ала альтернативдүү каттамдарды тандап алууга чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Нооруз күнү Бишкектин борбордук көчөлөрү бир күн бою жабык болот. Бул тууралуу Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Билдирмеге караганда, көчөлөр 21-март таңкы саат 5:00дөн түнкү саат 1:00гө чейин жабылат.
"Чүй проспектисинин Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик проспектисине чейинки бөлүгү жана Абдымомунов көчөсүнүн Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик проспектисине чейинки бөлүгүнөн (Эски аянт) автоунаалар өтө албайт", — деп айтылат маалыматта.
Кайгуул милициясы айдоочуларды алдын ала альтернативдүү каттамдарды тандап алууга чакырган.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Ноорузда 6000ден ашуун милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт