Жетим өскөн, Акаевдин кеңешчиси болгон. Салижан Жигитовдун сүрөттө калган элеси

Белгилүү окумуштуу, жазуучу, сынчы Салижан Жигитовдун көзү тирүү болгондо быйыл 86 жашка толмок.
Sputnik
Салижан Жигитов 1936-жылы 17-мартта Ош облусунун Өзгөн районундагы Көлдүк айылында жарык дүйнөгө келип, 11 жашында энесинен, 14 жашында атасынан ажырап томолой жетим өскөн. Борбор калаадагы №5 интернатка келип билим алып, ыр, макалаларын гезиттерге жарыялаган.
Окумуштуу өзүнүн чыгармачылыгында котормочулук, сынчылык менен да алектенген. Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдары президент Аскар Акаевдин кеңешчиси, өлкөнүн Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматын аркалаган. Үч жылдан кийин Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин проректору, гуманитардык илимдер институтунун директору болуп кайра эле агартуучулукка кайтып келген.
Салижан Жигитов жубайы Кимия Токтосунова менен 40 жыл бирге түтүн булатып, бир уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн. Кыргыздын чыгаан уулу 2006-жылы 11-февралда 69 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.
1 / 11

Салижан Жигитов Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде жогорку билим алган

2 / 11

Биринчи катарда экинчи турган жаш Салижан Жигитов

3 / 11

Студенттик күндөр: болочоктогу атактуу тилчи курбалдаштары менен

4 / 11

Илимпоз Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Гуманитардык билимдер институтунун директору кызматын аркалаган

5 / 11

Окумуштуу 1993-жылы Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болгон. Мамлекеттик ишмер Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен

6 / 11

Жазуучу Чыңгыз Айтматов жана Салижан Жигитов чет элдик коноктор менен

7 / 11

Жигитов 1978-1992-жылдары Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда сектор башчы болгон

8 / 11

КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты бир топ илимпоздорго устаттык кылган

9 / 11

Кыргыз эл жазуучусу орус, түрк, башкыр тилиндеги чыгармаларды кыргызчалаган, азербайжан, татар, өзбек, казак тилин да жакшы билген.

10 / 11

Филология илимдеринин доктору туугандары менен. Жигитов солдон оңду карай экинчи катарда экинчи турат

11 / 11

Кыргыздын чыгаан уулу 2006-жылы 11-февралда 69 жашында көз жумган

Тема боюнча:
Тасма тартуу үчүн үйүн күрөөгө да койгон. Эрнест Абдыжапаровдун сүрөттөрү
Кайгылуу ырлардын рыцары 64 жашта. Асылбек Өзүбековдун сүрөттөрү
Бопуш, Саяк, Саякбай болуп жашай берет. Марат Жантелиев 61 жашка чыкмак...