Мэрия Карпинкадагы тез тамактануучу жайларды түрттүрүп жатат. Сүрөт

Муниципалитет өзү билемдик менен курулган объектилерди түрттүрүү жана шаардын санитардык абалын жакшыртуу иштери уланып жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясы Сүйүнбаев көчөсүндөгү (мурдагы Карпинка) популярдуу тез тамактануучу жайларды түрттүрүп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Бишкек мэриясы Сүйүнбаев көчөсүндөгү (Мурдагы Карпинка) популярдуу тез тамактануучу жайларды түрттүрүп жатат

2 / 2

Муниципалитет өз билемдик менен курулган объектилерди түрттүрүү жана шаардын санитардык абалын жакшыртуу иштери уланып жатканын белгиледи.

Мэрия ал жактагы тамактануучу жайлардын ээлери менен ижара келишимдерин токтоткон. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тез тамактануучу жайларды түрттүрүп баштады. Айрым ишкерлер бул ишти өздөрү жасоодо.
Муниципалитет өзү билемдик менен курулган объектилерди түрттүрүү жана шаардын санитардык абалын жакшыртуу иштери уланып жатканын белгиледи.
Шаардыктар бул жааттагы маселелер боюнча төмөнкү номерлерге кайрыла алат:
Свердлов району — 0705003137;
Октябрь району — 0551551745;
Биринчи май району — 0555404818;
Ленин району — 0550070505.
Ошто тротуарды бөгөп калган самсакана, тосмолор алып салынды. Видео