Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош облусу боюнча кызматкерлери Баткенде баңгизат сатуу каналын бууду. Бул тууралуу ИИМден билдирди.
Буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") ылайык сотко чейинки өндүрүш ачылган. Анын алкагында Исфана шаарында шектүү катары К.Э. аттуу жаран кармалды.
"Анын жанындагы сумкадан 2 килограмм 16 грамм апийим табылды. Ошондой эле бул ишке дагы бир кишинин тиешеси бар экени аныкталып, К.К. аттуу жаран дагы колго түшүрүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Тема боюнча: