Омуртка адамга канча жыл кызмат кылат? Медиктин түшүндүрмөсү

35 жаштан кийин адамдын кан айлануу, метаболизми жайлап, зыяндуу заттар топтолору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Омуртка, муундун өзүнүн иштөө мөөнөтү бар. Бул тууралуу Россиянын эмгек сиңирген дарыгери Андрей Кабычкин Sputnik радиосуна билдирген.
Анын айтымында, омуртка, муундун биринчи көйгөйлөрү адатта 35 жаштан кийин башталат. Айрым учурда андан кечирээк деле башталышы ыктымал.
"Бул куракта кан айлануу, метаболизм жайлап, зыяндуу заттар топтоло баштайт. Биздин муун, омуртканын кепилдик мөөнөтү — 35-45 жаш. Бул учур ар кимге ар кандай куракта келет. Кепилдик мөөнөт аяктагандан кийин омуртка, муундар оорутуп баштайт. Адамдын физиологиясы ушундай", — деген Кабычкин.
Дарыгер бул мөөнөттү узартса болорун айтып, эгер адам отуруп иштесе, 40 мүнөт сайын туруп гимнастика жасоону сунуштаган.
Атлант омуртканы массаж менен түздөөгө болбойт. Остеопат Жекишевдин маеги