БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Мезгилдер алмашып жаткан учурдагы аба ырайы адамдардын бардыгына бирдей жага бербейт. Бул учурду кантип оңой өткөрүп жиберсе болорун Sputnik радиосунун эфиринде терапевт Филипп Кузьменко айтып берди.
Дарыгердин пикиринде, аба ырайы дароо ысып же муздап кеткенде көпчүлүк адамдар өзүн чарчаңкы сезип, баш оору пайда болот.
"Мезгил алмашып жатканда адамдын өзүн начар сезиши анча кооптуу эмес. Бул учурда адамга уйкуну кандыруу, туура тамактануу, көп кыймылдоо сунушталат. Мындай жол менен биз аба ырайынан стресс алган организмге жардам бере алабыз", — деди дарыгер.
Ошондой эле адис эртең менен адам ооруп калгандай сезим менен ойгонгон учурда дагы көп кабатырланбаш керектигин айтат. Адатта бул абал түшкө маал тарап кетет.