Кыргызстанда антикризистик комитет түзүлдү

Анын негизги милдети – өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген учурдагы окуяларга ыкчам чара көрүү үчүн антикризистик башкармалык түзүү.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин чечими менен Социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча антикризистик комитет түзүлдү.
Өкмөттөн билдиришкендей, анын негизги милдети – өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген учурдагы окуяларга ыкчам чара көрүү үчүн антикризистик башкармалыкты ишке киргизүү.
Комитеттин жетекчиси болуп министрлер кабинетинин төрагасы саналат. Курамына тиешелүү органдардын жетекчилери кирди.
Буга чейин экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев дүйнөдөгү абалга байланыштуу Кыргызстандын экономикасындагы көптөгөн тармактар үзгүлтүккө учурап жатканын айткан.
Улуттук банк Кыргызстандан доллар алып чыгууга убактылуу тыюу салды