Бишкек — Ош унаа жолунда кар көчкү атайылап түшүрүлүп жатат. Сүрөт

ӨКМ Коргоо министрлигинин каражаты менен кар көчкүнү түшүрүүдө. Унаалар убактылуу токтотулуп жатат, бирок жол толук жабылган жок.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунда кар көчкүнү атайын түшүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Мындай иштер 17-мартка чейин уланат.
Бишкек — Ош унаа жолунда кар көчкүлөрдү атайын түшүрүү иштери жүрүп жатат. Архивдик сүрөт
Бүгүн саат 13:00дөн 13:30га чейин Бишкек — Ош унаа жолунун 255-чакырымында ӨКМдин ыкчам тобу жана Коргоо министрлигинин артиллериялык эсеби атайын снаряд аткан. Натыйжада 5 850 метр куб кар көчкү түшкөн, бирок унаа жолго чейин жеткен эмес.
Министрлик кар көчкү учурунда унаалар убактылуу токтотуларын, бирок жол толук жабылбай турганын айтты.
ӨКМ кар көчкү түшүү коркунучу бар тилкелерден өткөн унаалар 500 метр аралыкты так сакташы керектигин эскертти.
Үндү катуу чыгарбаңыз! Кар көчкү тууралуу ӨКМдин видеоинфографикасы