Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинадан чыгарылган 400дөй кыргызстандык кайсы өлкөлөрдө? ТИМ тизмеси

ТИМдин алдын ала маалыматы боюнча, Украинанын шаарларында коопсуз жайга чыгарыла турган дагы 100дөн ашуун кыргызстандык бар.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Украинадагы өзгөчө кырдаалдан улам Кыргызстандын 400дөн ашуун жараны коопсуз жайга чыгарылган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, мекендештерди өлкөгө алып келүү үчүн Бишкектен министрликтин Консулдук кызмат департаментинен эки кишиден турган ыкчам тобу Польшага барган.
"Азыр ыкчам топ Варшавада иш алып барууда. Дипломаттар Польшанын шаарларында кыргызстандык жарандар жайгашкан бардык пунктуларды кыдырып чыкты. Мекендештерге тамак-аш уюштурулуп, жергиликтүү бийлик органдары менен кыргызстандыктардын мыйзамдуу туруусу жана андан ары өлкөгө алып кетүү маселелерин талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле дипломаттар кыргызстандыктарга мекенине кайтуу үчүн керектүү документтерди даярдоо боюнча консулдук кызматтарды көрсөтүп жатат.
2022-жылдын 8-мартына карата статистикалык маалымат:
Кыргызстанга келген жарандар — 91 (Венгриядан).
Коопсуз өлкөлөргө чыгарылгандар:
Польша — 201;
Словакия — 20;
Румыния — 19;
Түркия — 66;
Молдова — 21;
Чехия — 85;
Башка өлкөлөр (Литва, Германия) — 13.
ТИМдин алдын ала маалыматы боюнча, Украинанын шаарларында коопсуз жайга чыгарыла турчу 100дөн ашуун кыргызстандык бар. Алар элчилик жана Консулдук кызмат департаменти менен дайыма байланышта экени белгиленди.
Министрлик активдүү согуштук аракеттер жүрүп жаткан шаарларда жүргөн мекендештерди атайын коргонуучу жайларда болууну сунуштады.
Кыргызстандын Украинадагы элчилиги менен байланышуу:
+380997573413;
+380442370346;
+380442370348, ошондой эле элчиликтин WhatsApp тайпасы.
ТИМдин Консулдук кызмат департаменти менен байланышуу:
+996 551 312 000 — ыкчам байланыш номери;
+996 703 428 865, +996 709 983 465, +996 554 065 215.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Казакбаев: Бишкек Украина менен Россияга сүйлөшүү аянтчасы болуп берүүгө даяр
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Украинада биолаборатория бар экенин моюндады