БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. КР Улуттук банкы финансы-кредиттик мекемелерге нааразычылыктар жаралса, кайсы жакка кайрылса болорун айтты.
Эгер кызмат көрсөтүүдө жагымсыз окуялар болсо, алгач банктын жетекчилигине билдирүү зарыл.
"Кайрылуу кат түрүндө берилиши керек. Аны почта же электрондук булактар аркылуу жөнөтсө болот. Катта даттануучунун аты-жөнү, дареги, телефон номери жана көйгөйү сүрөттөлүшү зарыл. Мүмкүн болгон учурда тиешелүү документтер тиркелсе болот", — деп айтылат Улуттук банктын билдирүүсүндө.
Кайрылууга финансы-кредиттик мекеменин филиалынын жетекчисинин колу коюлган жооп даярдалат. Анда жазылгандарга кардар ыраазы болбосо, Улуттук банкка же анын облустардагы башкармалыктарына даттана алат.
Бул учурда дагы жаран аты-жөнүн, телефон номерин, дарегин толугу менен жазып, мүмкүн болгон учурда укугу бузулганын далилдеген документ, сүрөттөрдү, видеолорду тиркесе болот.
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселеси боюнча керектүү маалымат, кеп-кеңештерди ыкчам алуу үчүн жарандар төмөндө берилген телефон номерлери, ошондой эле Улуттук банктын коомдук кабылдамасына 996 312 61 04 86 телефон номери аркылуу байланыша алат.