"Чет өлкөлүк легион" – альянстын европалык өлкөлөрүн РФ менен түз куралдуу жаңжалга акырындап тартуу куралы. Анда Украинанын мамлекеттүүлүгү жана Европа биримдигинин жыргалчылыгына доо кетет. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул жолкусунда жалданма жоокерлер жаатында талдады.
Дүйнө жүзү азыр: "Украинада бүгүн эмне болуп жатат?" деп суроо салат. РФ президенти Владимир Путиндин буга: "Атайын аскердик операция графикке ылайык, план боюнча жүрүүдө. Бардык коюлган милдеттер ийгиликтүү аткарылууда", — деп жооп кайтарат. Ошол эле учурда россиялык Куралдуу күчтөр аскердик инфраструктура жана украиналык күчтөргө гана сокку уруп, жайкын тургундарга эч кандай кооптуулук туулбайт. Каршылык көрсөткөн негизги жерлер алынып, улутчулдар жок кылынды.
Украина Куралдуу күчтөрү толугу менен талкалана элек, себеби жай жарандарга жамынып, турак жай, балдар үйү, мектептерди согуштук позицияга айлантып, өзөктүк объектилерде өрт чыгарып жатышат. Россия армиясы Запорожьедеги атомдук электр станциясындагы кооптуу чагымчылдыкты токтотуп калышканын да белгилеп коюу керек. Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо операциясы аягына чейин жүргүзүлөт. Эч ким жолтоо боло албайт.
Россиялык атайын операциялардын ийгиликтүү болорунан америкалык аскердик талдоочулардын да шеги жок. Ошентсе да Вашингтон үчүн Украинада кандын көп төгүлүшү зарыл өңдөнөт. Батыш Россия менен кыйыр согушунун кийинки баскычына киришти. Мында чет өлкөлүк жалданма жоокерлердин жаңы отряддары түзүлүп, куралдандырылып жана жаңжал зонасына жеткирилет.
Владимир Зеленский Украина үчүн 16 миң чет өлкөлүк "ыктыярчы" согушарын маалымдаган. Бир нече европалык өлкөлөрдүн (Британия, Дания, Латвия, Польша, Хорватия) бийлиги украиналык территорияда Россияга каршы согуштук аракеттерге катышууга өз жарандарына расмий түрдө уруксат беришти. Польша аркылуу Украинага хорватиялык 200 жалданма аскер келди. Жыйырма алты литвалык жоокер "Айдар" улуттук батальонуна кошулду. Төрт жүз швед жана элүү норвегиялык аскер да катышууну чечкен. ФРГдан да алгачкылар аттанганы кабарланган.
Гуманитардык коридор менен баары эле үйлөрүнө кайта алышпайт, бул жагы абдан тыкыр көзөмөлдөнөт. Мисалга, Сирияда россиялык аскерлер 133 миңден ашуун согушкерди, анын ичинде КМШ өлкөлөрүнөн барган 4500 "ыктыярчыны" жок кылган. Экинчи жагынан чет өлкөлүктөр канчалык көп болсо, майданда уюштуруу жана башкаруу жагы аксай түшөт.
РФ Коргоо министрлиги Зеленский Украина Куралдуу күчтөрүнүн жана чет өлкөлүк жалданма жоокерлерден турган диверсиялык топтордун "тизгинин" колдон чыгарганын белгилейт.
АКШ президенти Жозеф Байден жана НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Пентагон жана альянс Украинадагы жаңжалдын катышпастыгын күн сайын кайталап келет. Ал тургай украиналык аба мейкиндигин жабууга ниеттенишпегенин айтышат. Бирок РФтин бул "өнөктөштөрү" азыркы жаңжалда аскердик-техникалык, логистикалык жана экономикалык жактан киевдик режим тарапта катышы бар экени айдан ачык.
Ак үй 4-мартта АКШ Украинага россиялык жоокерлер тууралуу "реалдуу убакыт режиминде" чалгынданган маалыматтарын берип жатканын тастыктады. Бул үчүн америкалык спутниктик топ, жер бетиндеги радиолокациялык станция жана НАТОнун чыгыш канатындагы AWACS учактарын активдүү колдонуп жатышат. Альянстын чалгындалган маалыматтары Украина Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгына "эмне кайда учуп баратканын" билдирип, бир жагынан жагдайга таасир этет. Америкалыктар киевдик режимди Stinger көчмө зениттик ракеталык, танкка каршы коргонуучу FGM-148 Javelin комплекстери жана башка куралдар менен жабдууда. Булар Украина Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүндө жана чет өлкөлүк жалданма жоокерлердин арасында курмандыктардын гана санын арттырары ырас.
Америкалыктар үчүн Европанын борборунда "Афганистандын" болушу майдай жагат. Украинада Пентагондун ролу даана байкалат. Россиялык операция жүрүп турганда АКШнын келерки жылга карата аскердик бюджети болжол менен 780 млрд. долларга дейре чыгат.
Вашингтон европалык союздаштарын шыкактап коюп, эми өз курал-жарагын жана суюлтулган газын аларга кызуу сата баштайт. Мурдагыдай аскерий чыгымдарга ички дүң өндүрүмдүн эки пайызы менен эми алар кутула алышпайт. Азырынча бейтарап Швеция жана Финляндия кокус НАТОго кирип калса, америкалыктарга алардан түшкөн дивиденд кыйла олуттуу сумманы түзөт.
"Түндүк агым-2" долбоорун "тоңдуруудан" башка бул жаңжалда Европа биримдиги, атап айтканда Германия эмне табат? Немец таблоиди ай башында ФРГдан Украинага Stinger көчмө зениттик ракеталык комплекси жана танкка каршы коргонуучу Panzerfaust гранатомётторунун партиясы жеткирилгени жөнүндө кабарлады. Европада америкалыктар тарабынан тутандырылган жаңжал немец экономикасынын өнүгүшүнө бир топ зыян келтирет. Европа биримдигинин бардык өлкөлөрү, баарынан да Россия менен согуштук аракеттерге өз "ыктыярчылары" менен катышып жаткан республикалар көп жабыр тартат. Украина мында ортодо зыян тартып, бир апта аралыгында бир миллиондон ашуун жаран сыртка чыгып кетти.
Батыш өздөрү ырбаткан туңгуюкта калды. Жаңы деле жагдай жок. Украинанын мурдагы премьерлеринин бири Николай Азаров да НАТО 2022-жылдын жайында Украинанын территориясына төрт жоокердик, атап айтканда кургактагы эки, бир деңиз жана абадагы бир бригаданы жайгаштырууну пландаганын айтып чыкты. Былтыр жыл соңунда эле Украинанын аркылуу Россия менен өзөктүк согушту тутантууга чагымчылдыктарды уюштурууга ниеттенишкен, бирок Москва 2021-жылдын декабрында ошондой пландар боюнча маалымат алып, аскердик-техникалык чараларды көргөн.
Россиялык операция башталгандан бери эле Украина Куралдуу күчтөрүнүн 2037 аскердик объектисин, атап айтканда: 71 башкаруу жана байланыш пунктун, 98 ПВО С-300, "Бук М-1" жана "Оса" зениттик ракеталык комплекстерин, 61 радиолокациялык станция, конуп турган 66 учак жана абадагы 16, 56 учкучсузду, 708 танк жана башка зооттолгон машина, залптык октун реактивдүү тутумунан 74 бирдик, 260тан ашуун артиллерия бирдиги, 505 аскердик автомобиль жок кылынды.
Украинанын батыш облустарында улутчулар аскердик курактагы эркек кишилердин артынан түшүп, көчөдөн, бекеттерден топтоп аскердик комитетке конвой менен жөнөтүүдө. Иш жүзүндө аскердик даярдыгы жок адамдарды маңызсыз өлүмгө түртүшүүдө. Анда "Европанын эң күчтүү армиясы" кайда калды? Болбосо Батыш үчүн баары кандай жакшы башталды эле. "Жавелин" жана "Стингерлер", дээрлик 900 танк жана катерлер менен жабдылган 200 миң жоокери бар украиналык армия бар деп ойлошкон. Украина аймагында Пентагондун биолабораториялары иштеп, НАТОнун базалары жана америкалык өзөктүк куралдарын сактоочу жайлар курулмакчы болгон. Анын баары өткөн чакта калды. Москва кол куурчакка айланган киевдик режим соо калбай тургандай тыянакка келет. Украина улутчулдуктан арылат.
Айтмакчы, ай башында Россиянын коопсуздук жаатындагы, тагыраагы, НАТОну 1997-жылдагы абалына кайтаруу жөнүндөгү сунушун АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Уэнди Шерман "күлкү келтирерлик өтүнүч" деп баалады. Бирок тарыхый тажрыйба тастыктап тургандай, батыштагылардын жоопкерчилиги аракеттери жазасыз калбаганда гана пайда болот.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.