Шейшембиге карата аба ырайы

Шейшембиге караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо жана тоолордо кар жаайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу сакталып турат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. 8-март, шейшембиде, республика боюнча дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +6...+11, Талас өрөөнүндө +5...+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8...+13, Ысык-Көл аймагында +3...+8, Нарында +5...+7 градус жылуу болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаабайт. Күндүн табы борбор калаада +12...+14, Ошто +16...+18 градуска чейин көтөрүлөт.
Радио
Жумалиев: быйыл 14 миңге жакын бак-дарак отургузулат
Кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы