Этиканы бузган судьялар менин да беделиме шек келтирет. Жапаров эскертүү берди

Мамлекет башчы соттордун көз карандысыздыгын бекемдөөгө багытталган чечкиндүү кадамдар байкалбай жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн судьялардын XII курултайында сөз сүйлөп, жүрүм-турум этикасын бузбай иштөөгө чакырды.
Мамлекет башчы судьяларга турак жай, соттор үчүн заманбап имараттарды куруу пландары бар экенин, демек, сотторго тиешелүү шарттар түзүлүп, камкордук көрүлө турганын айтты. Бирок судьялар корпусу тарабынан соттордун көз карандысыздыгын бекемдөөгө багытталган чечкиндүү кадамдар байкалбай жатканын белгиледи.
"Коомчулук судьялардын иштерине дале болсо нааразы. Урматтуу судьялар, соттордун калыстыгына, иш билгилигине, адилеттүүлүгүнө көлөкө түшүрө турган аракеттер, жүрүм-турум этикасынын бузулушу жана терс көрүнүштүр жеке судьянын эле жалпы мамлекеттин, президент катары менин да беделиме шек келтирет. Канчалык мыйзамдар жазылып, судьялар материалдык жактан толук камсыздалса дагы сот системасы ичинен жаңыланып, тазаланбаса, кардиналдык өзгөрүүгө өзүңөр умтулбасаңар оңолуш кыйын", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал мындай судьялар өздөрүн да, мамлекетти да артка тарта турганын айтып, муну көз жаздымда калтыруу мүмкүн эместигин эскертти.
Саясий курал болбойбуз. Жогорку сотко төрага болчу Базарбековдун планы