Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Шольц НАТОнун Украина менен Грузияны кабыл албаганын туура деп эсептейт

Канцлер Грузия, Молдова жана Украинанын Евробиримдикке кошуу азыр каралчу маселе эмес экенин кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Украина менен Грузияны НАТОго кабыл алынбаганы туура чечим. Бул тууралуу Германиянын канцлери Олаф Шольц ZDF телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Бул туура чечим болгон. НАТОдо жогорудагы маселе боюнча сүйлөшүү узакка созулган", — деген Шольц.
Канцлер бул маселе күн тартибинде жок экенин белгилеп, Грузия, Молдова жана Украинаны Евробиримдикке кошуу азыр каралчу маселе эмес экенин кошумчалаган. Анын айтымында, Украинадагы кырдаал турукташмайын бул теманы көтөрбөй турган оң.
Белгилей кетсек, НАТОго мүчө-мамлекеттер 2008-жылы Бухарестте Грузия менен Украина альянста мүчөлүк кылууга укуктуу экенин тастыктап, маселени чечүүнү белгисиз мөөнөткө калтырышкан. Былтыркы жылдын июнь айында НАТОго мүчө-мамлекеттердин лидерлери Брюсселдеги саммитте эки өлкөнүн альянска кошулуу укугун колдошкон. Алар реформаны уланта берүү зарылдыгын айтып, бирок бул өлкөлөрдүн уюмга качан кошулары белгисиз бойдон калган.
Украина ӨКМи: Запорожье АЭСинин аймагында имарат күйүп жатат
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Шольц: НАТО Украинадагы абалга байланыштуу аскердик чабуул жасабайт