БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Германия канцлери Олаф Шольц менен телефон аркылуу байланышканда Украина тарап менен сүйлөшүүнүн үчүнчү раунду дем алыш күндөргө пландалганын айткан. Бул тууралуу Германия өкмөтүнүн расмий өкүлү Штеффен Хебештрайт билдиргенин РИА Новости жазды.
Лидерлердин баарлашуусу бир саатка созулган.
"Канцлер абдан тынчсызданып жатканын айткан. Бир нече күндөн бери Украинадан суук кабарлар келүүдө", — деген Хебештрайт.
Телефон аркылуу сүйлөшүүдө Шольц Россия жетекчилигин согуштук аракеттерди тез арада токтотууга, бул райондорго гуманитардык жардам жеткирүүнү камсыз кылууга чакырган. Кремлдин маалымат кызматы ага жооп иретинде Путин Батыштын Донбасс геноцидине 8 жылдан бери көз жумуп келгенин эске салды.
Өлкө жетекчиси канцлерге атайын операциянын максатын айтып, ал сөзсүз орундала турганын белгилеген. Мындан тышкары, Россия Киев режими кийинки кадамдарын ойлонуп туруп жасаарына үмүт арткан.