Нике келишими жубайлардын бирөөнү жагымсыз жагдайга кептесе же жарандык кодекстин бүтүмдөрүнө ылайык келбесе, сот тарабынан жараксыз деп табылышы мүмкүн. Бул тууралуу Фатима Мойнокова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн-адвокат" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, нике келишими — бул ажырашуу учурунда жубайлардын мүлктүк укуктарын жана милдеттерин аныктаган макулдашуу.
"Нике келишими түгөйлөр үй-бүлө курганга чейин түзүлүшү ыктымал. Бул учурда нике каттоодон өткөндөн кийин келишим күчүнө кирет. Мындан тышкары, нике келишими жубайлар бирге жашап жатканда дагы түзүлөт. Ал жазуу түрүндө түзүлүп, нотариалдык күбөлөндүрүүдөн өтүшү кажет. Ансыз келишимдин юридикалык күчү жок болот. Нике келишими жубайлардын учурдагы жана келечектеги мүлкүнө карата түзүлүшү мүмкүн. Эгерде аталган келишим Жарандык кодекстин бүтүмдөрүнө ылайык келбесе же анын шарттары жубайлардын бирөөнү жагымсыз абалга кептесе, сот тарабынан толугу менен же жарым-жартылай жараксыз деп табылышы ыктымал. Эгерде аталган келишимге жубайлардын биринин жүрүм-туруму туура келбесе, экинчиси сотко кайрылып аны жокко чыгарта алат", — деди Мойнокова.
Ошондой эле ал жубайлардын экөөнүн тең жүрүм-туруму нике келишимдеги бардык пунктуларга туура келиши керектигин кошумчалады.