Калкты тейлөө борборлорунун 7 кызматын айыл өкмөттөр көрсөтө баштайт

Айыл өкмөттөр керектүү бардык жабдыктар менен камсыздалган жана 2022-жылдын 1-мартынан тарта кызмат көрсөтө баштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлиги калкты жана жарандык актыларды каттоо боюнча ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берет. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.
Мындай кадам Калкты тейлөө борборлорундагы кезекти азайтып, тейлөө сапатын жакшыртуу максатында жасалып жатканы айтылды. Ошондой эле аймактардагы тургундардын убактысы үнөмдөлөрү белгиленди.
Министрлик айыл өкмөтүнө ыйгарым укуктарын этап-этабы менен өткөрүп берет. Биринчи этапка 156 айыл өкмөтү кирет (толук тизме менен бул жактан таанышыңыз.
"Көрсөтүлгөн айыл өкмөттөр керектүү бардык жабдыктар менен камсыздалган жана 2022-жылдын 1-мартынан тарта кызмат көрсөтө баштайт", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына төмөнкү ыйгарым укуктарын өткөрүп берди:
16 жашка толгон жарандарга паспорт берүү үчүн документтерди каттоо;
2017-жылкы үлгүдөгү eID-карта менен 2020-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортту алмаштыруу жана берүү;
Баланын төрөлүшүн каттоо жана төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк берүү;
Никени каттоо жана нике тууралуу күбөлүк;
Өлгөндөрдү каттоо жана өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берүү;
Жарандарды жашаган жана жүргөн жери боюнча каттоо;
"Балага сүйүнчү" арызын каттоо.
Баткенде калкты тейлөө кызматтары айыл өкмөттөрдө көрсөтүлө баштайт