Коньки тээп чыккан Жапаров, толкунданткан хоккейчилер. Ачылыш аземдин видеосу

Бишкекте 3-мартта IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты старт алды. Бул Кыргызстанда алгачкы жолу өткөрүлүп жаткан тарыхый мелдеш.
Sputnik
Чемпионаттын ачылышына өлкө башчы Садыр Жапаров, Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) президенти Люк Тардиф катышты. Спорттук иш-чара маданий программалар менен коштолду.
Алгачкы оюнда Малайзия Кувейттин командасын 5:2 эсебинде жеңген. Андан кийин Кыргызстан менен Ирандын командасы ойноп, 13:1 упай эсебинде жеңишти камсыздады. Мелдештер Бишкек шаардык муз аянтында өтүп жатат.
Турнир 8-мартка чейин созулат. Анда Кыргызстандын, Кувейттин, Малайзиянын, Сингапурдун жана Ирандын командалары бирден айлампа оюн өткөрүшөт. Эң көп упай топтогон команда үчүнчү дивизионго көтөрүлөт.
Тема боюнча:
Кыргызстандын командасы Ирандын хоккейчилерин караандатпай утуп алды
Жапаров Эл аралык хоккей федерациясынын президентине Достук орденин берди
Көккө көтөрүлгөн туу! Кыргызстандыктарга дем берген видео