Бишкекте доллар 98 сомго чыкты

Өткөн бейшемби күнү доллар 10 сомго чейин кымбаттап, 95 сомго чыккан. Андан кийин 90 сомго чейин түшүп, дүйшөмбүдөн тарта кайра көтөрүлө баштаган. Бирок 97 сомдон аша элек болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Бишкекте АКШ доллары кайра кымбаттап, 98 сомго чыгып кеткенин Valuta.kg. порталынан көрүүгө болот.
Саат 10:10го карата банктардан алынган маалымат:
Сатып алуу — 95 сомдон 96,7 сомго чейин;
Сатуу — бардык банктарда 98 сом.
Эске салсак, өткөн бейшемби күнү доллар 10 сомго чейин кымбаттап, 95 сомго чыккан. Андан кийин 90 сомго чейин түшүп, дүйшөмбүдөн тарта кайра көтөрүлө баштаган. Бирок 97 сомдон аша элек болчу.
Доллардын көтөрүлүшү кыргызстандыктарга кандай кесепетин тийгизүүдө? Видео
Кыргызстанда доллардын курсу кантип аныкталат? Түйшөлткөн 7 суроого жооп