Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Беларуста Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи раунду башталды. Видео

Буга чейин Мединский билдиргендей, бүгүнкү жыйынга Москва үч бөлүктөн турган сунуштарды даярдаган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. – Sputnik. Беларустун Брест облусунда Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи раунду башталды. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Беларусь ТИМинин маалымат катчысы Анатолий Глаз билдирди.

“Эки тараптуу сүйлөшүүлөр башталды”, — деди Глаз.

Буга чейин Путиндин жардамчысы Владимир Мединский билдиргендей, бүгүнкү жыйынга Москва үч бөлүктөн турган сунуштарды даярдаган. Анда аскердик-техникалык, гуманитардык-эл аралык жана саясий аспектилер камтылган.
Россиянын ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарованын айтымында, ведомство жолугушуу "кырдаалды тезинен жөнгө салууга, Донбасста тынчтык орнотууга жана Украина элин жай турмушка кайтарууга" алып келет деп ишеним артып жатат.
Буга чейин Украинанын президентинин кеңсеси "сүйлөшүүдөгү негизги маселе — атышууну тез арада токтотуу жана аскерлерди өлкө аймагынан чыгарып кетүү" экенин билдирген.
Биринчи жолугушуу Беларустун Гомель облусунда өткөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Украинадагы атайын операция аягына чыгарылат
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Газ менен нефтинин кымбатташы: Борбор Азияга таасири кандай болот