Мамлекеттик туунун 30 жылдыгына арналган иш-чара борбордук "Ала-Тоо" аянтында өттү. Анда туу көтөрүлүп, иш-чарага президент Садыр Жапаров жана бийлик өкүлдөрү катышты. Өлкө башчы кыргызстандыктарды туу майрамы менен куттуктап, элдин намысы, эркиндиги, сыймыгы болгон мамлекеттик желекти бийик кармоого чакырды. Андан соң аскердик жүрүш болду.
Тема боюнча: