Гемодиализ алууда медициналык жабдыктын сапаты да маанилүү. Адистин маеги

Кыргызстанда гемодиализге муктаж болгон адамдардын саны жыл сайын өсүп жатат. Бул дартка кабылгандар материалдык жактан да колдоого муктаж.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Гүласыл Сутуева болду.
Сутуева: өнүккөн өлкөлөрдө адамдардын бөйрөгү жарабай калса биздин мамлекеттегидей трагедия эмес, анткени аппарат менен кадимкидей жашай берсе болот
— Республикадагы бөйрөк оорусуна байланыштуу жалпы абал тууралуу айтып берсеңиз. Эмне себептен жыл өткөн сайын оорлошуп бара жатат?
— Бул маселе жылдан-жылга арбый берери бышык. Биз башынан эле моралдык-психологиялык жана каржылык жактан баарына даяр болушубуз керек. Анткени дүйнө жүзүндөгү статистика менен салыштырсак, Японияда бир миллион кишинин 700ү гемодиализ алат. Ал эми Европада 500 киши болсо, бизде 200-250 адам. Демек, өнүккөн өлкөлөрдө гемодиализ алган адамдар узак жашайт. Анткени өнүккөн медициналык жабдыктардын жардамы менен бейтаптар жакшы дарыланышат. Африка өлкөлөрүндө бир миллион кишиге 100 же 150 киши туура келет. Анткени ал жакта гемодиализ процедуралары жасалбайт. Болсо да абдан кымбат, сапаты да төмөн болгондуктан көбү каза болуп калат. Ошондуктан ооругандардын саны аз. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдө гемодиализ процесси бейтаптар үчүн күнүмдүк жашоонун бир бөлүгү болуп калган. Мисалы, бөйрөгү жарабай калса биздин мамлекеттегидей трагедия эмес, анткени аппарат менен кадимкидей жашай берсе болот.
— Оору эмнеден келип чыгат?
— Өнөкөт бөйрөк ооруларынын түрү абдан көп. Бөйрөктүн иштешин бузбай жашоого аракеттенишибиз керек. Ал үчүн туура тамактануу абзел. Экинчиден, экология маселеси да орчундуу болуп турат. Оор дарттардын келип чыгуу себептерин чечүү жолдорунун баарын медициналык маселе катары бул тармакка үйүп койгон жарабайт. Анткени оорунун көбү күнүмдүк жашообуздан келип чыгууда. Ошондой эле таза суу маселесин кайсы бир аймактын же айылдын көйгөйү деп ойлойбуз. Чын-чынына келгенде ал эң оболу медицина тармагынын көйгөйү. Адамдар таза суу ичип, туура тамактанбаса акыры бөйрөктүн ишин бузат.
— Дарыгерлердин көбү бөйрөк алмаштырууга уруксат берилсе абал жеңилдемек деген ойду айтып жатышат...
— Маселени ар тараптуу карашыбыз керек. Бөйрөктүн иштеши бузулуп, дарт оорлоп кетсе гемодиализге жаткырып же алмаштыруу керек. Эки эле жолу бар. Экөөнүн тең жакшы-жаман таасири болот. Гемодиализ аппараты Япониядагыдай деңгээлге жетсе, анда бөйрөк алмаштырууга көп бейтаптар муктаж болмок эмес. Анткени кадимкидей эле гемодиализ алып, толук кандуу жашай берет. Бөйрөк алмаштырганда бөйрөгүн бергени да, салдырганы да майып болуп калышууда. Бөйрөк же боорун алмаштыргандар өмүр бою иммуносупрессор дарысын ичет. Ошондой эле кант диабети өңдүү айрым өнөкөт ооруларда бөйрөк алмаштырууга болбойт. Анткени мындай дарт жаңы органды деле иштен чыгарып коюшу мүмкүн. Бөйрөк салдырган адамда чоң жоопкерчилик бар. Ал өзүн жакшы карап, туура тамактанып, дарысын убагы менен ичиши керек. Болбосо экинчи органды да талкалап, берки адамдын да убалына калат.
— Кыргызстанда жалпы бөйрөк алмаштыргандардын так санын айта аласызбы?
— Бүгүнкү күндө статистика боюнча жалпы 600дөй адам трансплантация кылса, анын 60-70 пайызы бөйрөк, калгандары боорун алмаштырган. Бөйрөк алмаштыргандын жакшы жагы, табы менен жүрүп, дарыны убагында ичсе эки күн сайын 4-5 саат убактысын гемодиализге кетирип, ооруп калса коштоп барууга дагы бирөөнүн убактысын албайт.
Сутуева: өнөкөт бөйрөк ооруларынын түрү абдан көп. Бөйрөктүн иштешин бузбай жашоого аракеттенишибиз керек. Ал үчүн туура тамактануу абзел
— Таза суу маселесин козгоп кеттиңиз. Бизде да аймактарда бул жаатта чечилбеген маселелер көп. Кайсы райондун, аймактын эли мындай оору менен көп жабыркайт. Ушундай көрсөткүч барбы?
— Мындай так статистика жасоо кыйыныраак. Анткени бизде ички миграция күч. Мисалы, паспорту боюнча Жалал-Абаддан, бирок өмүр бою Бишкекте жашаган бейтаптар бар. Мында дарттын кесепетин так аныктоо мүмкүн эмес. Айрым узакка сакталуучу тамактарга көп канцерогендер кошулат. Алар организмге зыян болушу мүмкүн. Ошондуктан таза суудан тышкары оорунун көп себептери бар.
— Гемодиализ борборлорунун иши жана бейтаптар кандай критерий менен акысыз гемодиализ ала алат?
— Акысыз гемодиализди Кыргызстандын бардык жарандары ала алат. Бул үчүн "бөйрөк оорусунун 4-5-баскычы" деген дарыгердин көрсөтмөсү жана диагнозу коюлушу керек. Ал эми чет элдик жарандар бул кызматты акысыз пайдалана албайт.
Бүгүнкү күндө гемодиализ алгандардын саны 1922 киши деп айтылып жатат. Бирок бул так сан эмес. Анткени ооругандар күндөн-күнгө көбөйүүдө. Нефрологдор бейтаптын дарты 3-4-стадияга өтүп кетпеши үчүн болгон аракетин жумшайт. Бирок оору 4-5-стадияга жеткенде айла жок гемодиализге жөнөтөт. Гемодиализ борборлорунун аталган процедураны жасоо сапаты башкы маселе. Бизде жакындан баштап эле бул тармак өнүгүп баштады. 2014-2015-жылдары бир гана ЮРФА менчик медициналык борбору катары монополист болуп келген. Андан кийин кичи клиникалар пайда болду. Бирок алар мамлекеттик деңгээлде көп кишини дароо кабыл ала албагандыктан тендерге аталган борбордон башка эч ким катышчу эмес. Көпчүлүк элге кызмат көрсөтүү үчүн биздин суроо-талапка ушул борбор гана ылайык келчү. Бара-бара башка медицинаналык борборлор да атаандаштык жаратып, баасы түшүп отуруп 2019-жылы ФОМС гемодиализдин наркын 4 700 сом деп коюп берген. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен иштеген немец компаниясы 2018-жылы биринчи жолу 6 812 сом менен он жылга келишим түзгөн. Бирок ал келишимде доллардын наркына жараша баа өзгөрөрү жазылган. Азыр мөөнөтү бүтпөгөндүктөн бул клиника келишимдеги баа менен иштеп жатат.
— Учурда өлкөдө нефрологдордун жетишпестиги да айтылат?
— Негизи нефролог болуп иштөөнү каалагандар аз. Биз аларды "ушул багытта окуп, бул жакка барып иштейсиң" деп көрсөтмө бере албайбыз. Ал үчүн бюджеттин эсебинен окутуп, социалдык жактан шартын түзүп, жашоочу үйүн берип, кызматы менен жашоо шартка жетиштүү айлыгын коюп туруп, анан милдеттендирсек жарашат. Негизи жергиликтүү бийликтин мойнунда ушундай милдет бар, бирок бири да андай шарт түзүп бере албай жатат. Аны үстүнө нефрология, психиатрия татаал тармак. Ошондуктан каалоочулар аз. Азыр өлкөдө психиатрлардын жетишпестигинен улам да көйгөй көп болууда. Мисалы, Аксы районунун Кызыл-Жар айылында республикалык деңгээлдеги психиатриялык оорукана бар. Ал жерде бүгүнкү күндө башкы врачын кошкондо жети эле адис иштейт. Ал эми алты бөлүм, соттук-медициналык экспертизасы менен 345 койка бар. Эгер ушул жети врач кетип калса, бир оорукана иштебей бейтаптар талаада калат. Айлык маселеси да өтө начар. Мамлекет тез арада шартын түзүп бериши керек. Ошол себептен бизде кадр маселеси чечилбей оор бойдон турат.
Сутуева: бөйрөк алмаштырганда бөйрөгүн бергени да, салдырганы да майып болуп калышууда
— Акыркы учурларда кичине балдардын арасында да оорулар күчөй баштады. Анын ичинде бөйрөк оорулары да бар...
— Бул оорунун себеби ар кандай. Бөйрөктүн иштен чыгышына гломерулонефрит, кант диабетинин күчөп кетиши себеп болот. Же болбосо бөрү жатыш (системная красная волчанка) оорусунда да бардык органдардын иши бузулат. Бирок башка органдар көп билинбейт, бөйрөктүн ооруганы дароо байкалат. Анткени ал ички шлактарды сыртка чыгарып турбаса ууланат. Ошондой эле баары жакшы болуп, баланы таза тамактандырып багып жатканда деле тукум куучулук дарты болушу мүмкүн. Гломерулонефрит дартынын 30 пайызы генден болот. Бул ушул оору менен жабыркаган адамдын баласы сөзсүз ушундай дартка чалдыгат дегенди билдирбейт. Тукумунда бөйрөк оорусу барлар абайлап жүрүшү керек.
Экинчиден, жаш балдарга көбүнчө канцерогендери көп тамактарды беришет. Дарыгерди укпаган ата-энелер бар. Врачтын кабылдамасынан чыгып эле эки-үч жыл сактала турган кириешки, вафлилерди сатып берип жатышканын көрөм. Көп сакталуучу азыктын бирин да балага бербеш керек. Андай азыктар баланын бардык органдарын талкалайт. Сүттү да жакшы бышырып, таза колдонуу керек. Анткени эхинококкоз, альвеококкоз жугуп калышы мүмкүн.
— Жогоруда сиз айткандардын баары комплекстүү чечилүүчү көйгөй. Аларды чечүү үчүн ишти эмнеден баштоо керек?
— Менимче, биринчиден, жазылган мыйзам иштеп башташы керек. Бул багытта туура, керектүү мыйзамдар бар. Элге жол көрсөтүп берүүчү адистер керек. Алардын айлыгын көтөрүү зарыл, болбосо айылдарга дарыгерлер барбайт. Дарыгер жок болсо эл өз билгенин кылып, билгениндей жашайт. Экинчиден, социалдык маселелерди чечип, жашоо шартты женилдетүүгө аракет керек. Үчүнчүсү — миграция. Жаштарыбыз талаалап иштеп, чет мамлекеттен көбү ооруп келишет.
Онколог Жекшенов: турмушка эрте же кеч чыккандарда ракка чалдыгуу кооптуулугу күч
Майын сордурткан адамга семирбейт деп кепилдик бербейбиз. Хирургдардын маеги