Чыңгыз Айдарбеков ЖКнын эл аралык комитетинин төрагасы болуп шайланды

Буга чейин аталган комитетти Жанар Акаев жетектеп турган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланды.
Анын талапкерлигин "Альянс" фракциясы сунуштап, парламенттин жалпы жыйынына алып чыкты. Андан башка талапкер көрсөтүлгөн жок.
1 / 2

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланды.

2 / 2

Натыйжада жашыруун добуш берүү болуп, 76 депутат макул, эки депутат каршы пикирин билдирди.

Натыйжада жашыруун добуш берүү болуп, 76 депутат макул, эки депутат каршы пикирин билдирди.
Буга чейин аталган комитетти Жанар Акаев жетектеп турган. Ал кызматын тапшырып, "Альянс" фракциясынын лидери болуп шайланды.
Мындан сырткары, Айгүл Айдарова ("Бүтүн Кыргызстан" фракциясы) Социалдык саясат комитетинин мүчөсү болду.
Жанар Акаев ("Альянс" фракциясы) Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖКнын регламенти комитетине, Эмил Жамгырчиев ("Альянс") Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетине мүчө болуп кирди.
Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды