Бишкектин мэри жер кылмышына катыштыгы боюнча жооп берди

2006-жылы Башкы прокуратура мурдагы вице-мэр кыймылсыз мүлккө байланыштуу алдамчылыкка шектелип жатканын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жер маселесине байланышкан кылмыш ишине катыштыгы боюнча комментарий берди.
2006-жылы Башкы прокуратура мурдагы вице-мэр Эмилбек Абдыкадыров кыймылсыз мүлккө байланыштуу алдамчылыкка шектелип жатканын билдирген. Ал 2003-жылы эки жер участогун жеке менчикке өткөрүп берүүдө мыйзамсыз токтом кабыл алууга айыпталган. Жаңы ээлерине берилген жерлерде өкмөттүк структуранын балансындагы имараттар менен курулуштар болгон.
Чыгым 130 миң сомго бааланган.
Абдыкадыровдун айтымында, 2003-жылы эки участокту мамлекеттен муниципалдык менчикке өткөрүүдө бир виза жетишпей калган. Бирок юристтер баарын териштирип алгандан кийин иш токтотулган.
Бишкек мэри жол тыгындар көйгөйүн кантип чечерин айтты
Мэр Бишкектеги алдамчы курулуш компаниялары менен күрөшөрүн айтты