БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстан эли өзүнүн көз карандысыздыгын, мамлекеттүүлүгүн баалайт жана Бириккен Улуттар Уюмуна алдыдагы 3000 жылда да мүчө болуу ниети бар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2023-2027-жылдагы туруктуу өнүгүү жаатында БУУнун алкактык программаларынын кызматташуусунун бет ачарында сүйлөп жатып айткан.
"Биздин мамлекет 30 жылдан бери БУУнун мүчөсү болуп келе жатат жана бул мезгилде жарандардын жаңы мууну өсүп чыкты. Биз сыймыктуу, алдыга ишеним менен караган өлкөбүз. Калктын үчтөн эки бөлүгү 30 жаштан ылдыйкы курактагылар. Андыктан 30 жылдык көз карандысыздыктын тажрыйбасын эске алып, элибиз өзүнүн эркиндигин, мамлекеттүүлүгүн баалай турганын жана Бириккен Улуттар Уюмуна алдыдагы 3000 жылда да мүчө болуп калуу ниети бар экендигин белгилеп кетмекчимин", — деген Байсалов.
Ал БУУнун Кыргызстандагы агенттиктеринин буга чейинки иштериндеги ийкемдүүлүгүн, биринчи кезекте өлкөнүн туруктуу өнүгүү программаларына колдоо көрсөтүп келгендигин баалаган.
Бүгүн министрлер кабинетинин башчысынын, мүчөлөрүнүн жана БУУ системасындагы бардык кеңселеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда ЮНДАФтын стратегиялык координациялык комитетинин жыйыны өтүп жатат.