Акаев фракция лидери болду. Эл аралык комитетке Айдарбеков сунушталды

Акаев фракция лидери болгондон кийин комитеттин жетекчиси кызматын бошотот.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Альянс" парламенттик фракциясынын лидери болуп Жанар Акаев шайланды. Бул туурасында фракциянын катчылыгы билдирди.
Ал эми ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлиги сунушталды.
Акаев фракция лидери болгондон кийин комитеттин жетекчилигиндеги ордун бошотот.
Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды