Владимир Путин бизге мындай болорун 15 жыл мурун эскерткен. Бул тууралуу Пентагон башчысынын экс-кеңешчиси Дуглас МакГрегор билдирди.
Анын соңку кырдаал тууралуу айткан пикири тезис түрүндө берилет:
Биз россиялык аскер күчтөрү Кубага келишине каршы болгон сыяктуу эле Путин да АКШнын аскерлери менен ракеталары чек арасына жакын жайгашканына чыдабай турганын айткан.
Биз аны укпай койдук, ал сөздөн ишке өттү.
Атайын операциянын жүрүшү жөнүндө:
Азыр Украинанын чыгышындагы салгылашуу дээрлик бүтүп калды. Украинанын аскер күчтөрү курчоого алынып, эки жээкте калды. Чыгыш-батышына 30-40 миңдей аскер коюлган, эгер алар багынып бербесе жок кылынат.
Эмнеге Зеленский сүйлөшүүгө макул болду?
Оюн бүттү. Зеленский эптеп колу жете турган, жакшыраак келишимге макул болушу керек болот. АКШ дагы эгер ал Украина үчүн нейтралитетти тандаса колдойбуз деп айтты.
Путин мындан кийин кандай кадамга барат?
Украина ага керек эмес. Ага өлкөнүн нейтралдуу макамы керек. Эгер ал Украинаны алып койсо, анда НАТОнун аскери чек арасында туруп калат. Дал ошон үчүн алгысы келбейт.
АКШ такыр кийлигишпеши керек, анын ичинде санкция салуу менен дагы.
Тема боюнча: