Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Донецкиде турак үйлөр аткыланууда. Талкаланган аймактагы кадрлар

Украинанын куралдуу күчтөрү Донецкидеги эл жашаган жерлерди аткылоосун токтотпой жатат. Бул тууралуу жергиликтүүлөр айтып чыкты.
Sputnik
Аткылоого шаардагы Киев району кабылган. Жергиликтүү тургундун "Донбасс решает" Telegram-каналына айтып бергенине караганда, украиналык аскерлер аткан снаряд анын үйү менен автоунаасын талкалап кеткен. Жубайы экөө араңдан зорго аман калган. Үйү толугу менен өрттөнүп кеткен кошуна кемпир дагы неберелери менен сыртка чыгып кетүүгө жетишкен.
24-февралдын таңынан тарта Россия Украинаны куралсыздандыруу боюнча атайын операция баштады. Бул туурасында Путин элине кайрылып, Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылган. Ага аталган республикалардын жетекчилеринин Россия лидеринен жардам сураганы себеп болгон.
Тема боюнча:
Шойгу: ракеталык күчтөр, эки флот жана авиация күчөтүлгөн курамда нөөмөтүн баштады
Россиянын Украинадагы операциясы. 1-мартка караган түнү болгон окуялар
"1941-жылдын 22-июну" кайталанбайт! Украинаны куралга толтурган НАТОго жооп