Садыр Жапаров: акчасы барлар алтын сатып алгыла, салмагына чектөө жок

Бүгүн, 28-февраль күнү, алтын куймалар арзандады. Эртең менен бир грамм куйма 343 сомдон сатылып жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. Акчасы бар жарандарыбыз Улуттук банктан алтын сатып алыңыздар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Facebook баракчасы аркылуу элге кайрылуусунда айтты.
Өлкө башчы каражатты алтынга салуу абдан маанилүү экенин белгиледи.
"Биз алтын куймаларын каалаган санда сатып алууну өзгөчө жеңилдеттик. Валютанын куну качат, алтындын гана баасы өсөт. Ошол үчүн акчасы бар жарандарыбызга Улуттук банктан алтын сатып алууну сунуштайм", — деди президент.
Ал алтынды бир граммдан баштап 13 килограммга чейинки куймаларын каалаган көлөмдө сатып алса болорун эске салды.
"Көлөмүнө чек жок. Башка өлкөлөргө алып чыгып кетсе дагы болот. Эч кандай төлөмдөр жок, ушундай шарт түзүп койдук. Капиталыңарды кагаз акча менен сактагандан көрө алтын менен сактаңыздар. Ошол эле Улуттук банк сактап берет же ар ким өзү каалагандай сактаса болот", — деди Жапаров.
Президент кошумчалагандай, кайсы убакта болбосун, алтынды кайра эле Улуттук банкка сатып жиберсе болот. Мекеме сиз сатып жаткан маалда наркы кайсы баада болсо ошол баа менен сатып алат.
Эске салсак, 28-февралда алтын куймалар арзандап кетти. Эртең менен бир грамм куйма 343 сомго төмөндөгөн.
Кыргызстанда доллардын курсу кантип аныкталат? Түйшөлткөн 7 суроого жооп
Садыр Жапаров экономикадагы акыркы кырдаалдан улам элге кайрылды