Улуттук банк доллардын курсу дагы өсөбү деген жоромолдорго жооп берди

Башкы банк белгилүү бир кырдаалда ички валюта рыногунун сатып алуучусу же сатуучусу катары чыгарын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын курсу дагы өсөт деген жоромолдор барбы деген суроого жооп берди.
Белгилей кетсек, бейшемби күнү, 24-февралда, өлкөдө доллар 10 сомго чейин кымбаттап 95ке чыккан. Андан соң акырындык менен түшө баштады, учурда сатуу курсу 90 сомдун тегерегинде болууда.
"Өлкөдө акча алмаштыруу калкыма режиминде иштегендиктен Улуттук банк жөнгө салып же валюта курсунун тенденциясын аныктай албайт. Жасалма түрдө курсту кармап туруу же арзандатып салуу максаты жок, баары рыноктун механизмдери менен аныкталат. Буга байланыштуу өлкөнүн валюта рыногунда күн сайын суроо-талап өзгөрүп турарын байкоого болот. Кайсы бир убакытта курс өсүп, ошол эле учурда төмөндөп кетиши мүмкүн. Курс кескин түрдө кымбаттап, рынок олку-солку болуп жатканда гана Улуттук банк валюта рыногун турукташтыруу жана жөнгө салуу үчүн интервенция жүргүзөт", — деп жооп беришти.
Ошондой эле Башкы банк белгилүү бир кырдаалда курстун кескин өсүп же төмөндөп кетишине арачы болуш үчүн ички валюта рыногунун сатып алуучусу же сатуучусу катары чыгарын белгиледи. Эгер интервенция жасалбаса курстун кескин өзгөрүшү өлкө экономикасына жана каржылык туруктуулукка доо кетирет.
Кыргызстанда доллар курсу эми кандай болот? Министрдин түшүндүрмөсү