Дарыгер сааты жок эле кыйналбай эрте туруунун сырын айтты

Адис белгилегендей, керектүү учурда ойгонуу үчүн адам күнүмдүк режимди сакташы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Сомнолог Дарья Лебедева РИА Новостиге сааттын коңгуроосу жок эле ойгонуунун эң жакшы жолун айтты.
Дарыгер белгилегендей, керектүү учурда ойгонуу үчүн адам күнүмдүк режимди сакташы керек.
"Бир нече күн бою бир убакта жатып, бир убакта ойгонууга аракет кылып көрүңүз. Дем алыш күндөрү да бул эрежени бузбай, аткаруу керек. Муну организм аны жаңы адат катары кабыл алат дагы биологиялык саат туура коюлат. Ошентип акырындык менен сааттын коңгуроосунан баш тартып, уктоо режимин калыбына келтирип аласыз", — деген Лебедева.
Жаңы режимди кабыл алууда стресс болбош үчүн дарыгер эртең мененки эрежени түзүп алып, аны аткарып туруу керектигин белгилеген. Мисалы, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо жана жарык уйкуну ачууга жардам берет. Медик күндүз уктабаш керектигин кошумчалаган. Анткени ал бекитилген режимди бузуп коюшу ыктымал.
Сомнолог уйкусуздуктун негизги себептерин санап берди