Алтынбек Сулаймановдун ордуна Эмил Жамгырчиев депутат болуп катталды

БШК жаңы эл өкүлүнө депутаттын күбөлүгү менен төш белгисин тапшырды. Эмил Жамгырчиев шайлоодо 4 607 добушка ээ болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. "Альянс" партиясынын мүчөсү Эмил Жамгырчиев Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ага президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалган Алтынбек Сулаймановдун мандаты өткөрүп берилген. БШК жаңы эл өкүлүнө депутаттын күбөлүгү менен төш белгисин тапшырганы айтылды. Ал шайлоодо 4 607 добушка ээ болгон.
Эмил Жамгырчиев ИИМ академиясын "юриспруденция" адистиги боюнча жана Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин экономика факультетин бүтүргөн. 2014-жылдан тарта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматында иштеп, 2017-2020-жылдары жетекчинин орун басарлыгын аркалаган. Кызматтан кетери менен пара алууга шектелип УКМК тарабынан кармалган. Кийин мамлекеттик бюджетке 20 миллион сом төккөнү кабарланган.
Кулакка "лапша" илип жатабыз! Депутат Айдарова аткаминерди кекеткен видео