Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Батыштын Россияга каршы санкциялары. КМШ өлкөлөрүнө таасири кандай болот

Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталган соң Батыштын бир катар өлкөлөрү антироссиялык санкциялардын пакетин жарыялады. Чектөө чаралары киргенин АКШ, Улуу Британия, Евробиримдик, Канада жана Япония билдирди (акыркы эки өлкө үчөөнүн чечимине макул болду).
Sputnik
Кабыл алынган санкциялардын пакети менен Батыштын токтоп калбай турганы айтылууда, антироссиялык чараларды катуулатуу маселеси дагы да уланып жатат. Жаңы санкциялардын баа-баркы канчалык, Россия экономикасына кандай таасир этет, мындан мурунку СССР өлкөлөрү жабыркайбы? Sputnik Социалдык-экономикалык изилдөө институтунун директору, экономика илимдеринин доктору Алексей Зубец менен сүйлөшүп, пикирин тыңдады.

АКШнын "декоративдүү" санкциялары

АКШнын жаңы санкциялык тизмесине Россиянын "Сбербанк", ВТБ, "Совкомбанк" жана "Открытие" банктары кирди. Америкалык банктар 26-мартка чейин "Сбербанк" менен анын туунду компанияларынын корреспонденттик эсептерин жабууга милдеттендирилди. Ушул күндөн баштап АКШнын каржылык уюмдарына Россиянын аталган ири банкынын катышуусу менен транзакция жүргүзүүгө тыюу салынат.
Американын Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 25-майга чейин "Сбербанк", ВТБ, ВЭБ.РФ, "Совкомбанк" жана "Открытие" банктарынын акциялары аркылуу жүргүзүлгөн операциялар аягына чыгышы керек.
Алексей Зубец россиялык банктарга каршы жарыяланган санкциялар америкалык күткөн жыйынтыкты бербейт — банктар банкротко учурабайт, кардарлары жабыркабайт, россия экономикасына эч кандай кооптуулук жок дейт.
"Тизмедеги банктардын баары айрым бир инвестициялык операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, кайсы бир каражатын чет өлкөдө сактай албай калат. Бирок банктардын туруктуулугу үчүн мунун эч кандай мааниси жок, — деди эксперт. — Баарынын артында Россиянын Центробанкы турат, анын артында мамлекет бар. Демек, банктар банкротко учурайт деп ойлобош керек".
Анын айтымында, Россия калкынын 90 пайыздан ашууну акчасын рубль менен сактайт, ал эми чет элдик валютасы барлар аны банкта эмес, көбүнесе накталай жанында кармайт.
Медведев: санкция киргизген мамлекеттер менен мамилени карап чыгыш керек
"Россияда санкциялык тизмеге кирбеген башка ири банктар деле бар. Валюталык операцияларды жүргүзүүнү каалагандар ошолорго кардар болот", — деди Зубец.
Мындан тышкары, банктардын коюм, насыя жана элдин депозити боюнча саясаты ошол уюм менен Россиянын Центробанкы тарабынан аныкталат. Америкалыктардын буга эч кандай тиешеси жок, каалаган күндө да таасир эте албайт.
"Эгер Россиянын экономикасын кысымга алгысы келсе, банкка санкция киргизип, жоготкон капчыгын түшүрүп алган жерден эмес, жарык жерден издеген адамга окшошуп турат. "Жоголгон капчыкка" бул операциялардын дегеле тиешеси жок. "Открытие" эмне болуп тизмеге кирип калганы ого бетер табышмак. Украина чыры кайда да, "Открытие" кайда? АКШ жөн эле "ии, ушул ири банк" деп ойноп отуруп эле көрсөтүп койгондой элес калтырууда. Мунун Украинадагы кырдаалды жана анын саясий жетекчилигинин абалын кантип жеңилдетери кызык", — деди Зубец.
Жалпы жонунан алып караганда, бул санкциялардын баары декоративдүү мүнөздө дейт эксперт. Анын айтымында, чектөөлөр Россия экономикасынын бир дагы олуттуу тармагын камтыган эмес.
"Аябай тынчсызданган түр көрсөтүп, ошол эле маалда азыркы Россия экономикасына эч тиешеси жок чечимдерди кабыл алышууда. Түшүндүрө кетейин: аталган банктардын баары өлкө ичинен азыктанат, кирешесинин 99 пайызын дал ушул жактан алышат. Тышкы рыноктон тапканы — Россиянын ичиндеги пайдасына салыштырмалуу кенедей эле акча. Аларга ошол жактан басым жасоо акылга көп сыя бербей турат. Андыктан мен мунун баарын декоративдүү тарых деп айтар элем, санкциялар киргизилип, чаралар көрүлүп жатат деген түр көрсөтүү. Чынында, иш жүзүндө эч кандай санкция жок", — деди Зубец.
Мындан эртерээк санкцияга кабылган ВЭБ.РФ айрым бир долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өкмөттүк бюджеттен каржыланган өнүктүрүү институту болгондуктан, ага деле эч кандай кооптуулук жок.
Россиянын Украинадагы атайын операциясынын алгачкы жыйынтыгы. 72 саат калды

АКШ америкалык инвесторлорду пайдадан кол жуудурду

Жогоруда аталгандардан тышкары АКШ россиялык компаниялардын америкалык инвесторлордон карыз жана акционердик каржылоо тартуусун чектеди. Башкача айтканда, АКШлык инвесторлорго "Газпром", "Ростелеком", "РусГидро", АЛРОСА, "Совкомфлот", РЖД жана "Альфа-Банк" менен "Московский кредитный банк" сыяктуу уюмдардын карыз милдеттемелерин жана жаңы акцияларын сатып алууга тыюу салынды.
"Азыр "Газпромдун" акцияларын сатып алууга абдан ыңгайлуу учур болуп турат, — дейт Зубец. — Болжол менен 30 пайызга чейин түшүп кетти. Чыныгы баасы азыркыдан бир топ жогору экени белгилүү. Мынча төмөн баа менен көпкө чейин кармалбайт, жакын арада наркы көтөрүлөт. Бул акцияларды азыр сатып алган киши кыйла киреше көрөт. Америкалык инвесторлор деле ушундан бир топ пайда көрүп алмак, бирок санкциялардан улам колу-буту байлануу".
Эксперттин айтымында, санкциялык тизмедеги компаниялардын биринде да акционердик капиталды тартуу боюнча маселе жок. Эгер америкалыктар алардын акциясын сатып ала албаса, "Газпром" аны сезип деле койбойт.
"Керек болгон учурда акционердик капиталын толтуруп ала турган мамлекеттер дайым бар. Акционердик каптилды башка биржалардан тартып келүү мүмкүнчүлүгү көп. Америкалык болбосо Гонконг, Сингапурдун биржалары турат. Эгер "Газпром" тыштан каржылоо тарткысы келсе, аны акционердик рыноктон эле табат. Ал эми америкалык инвесторлордун мындан пайда көрө албай калышы — америкалыктардын көйгөйү", — деди Зубец.
Россиянын бир дагы стратегиялык компаниясы капитал тартууда кыйналбайт дейт эксперт.
"Эгер, мисалы, РЖД ("Россия темир жолдору" холдинги) тышкы рыноктон капитал тартып келе албаса Центробанктан алат. Ошол эле "Сбербанк" мыкты кардарлуу болот. Мен бул жерден эч кандай көйгөй көргөн жокмун. Санкциялар өлкөнүн макроэкономикалык стабилдүүлүгүнө эч таасир эте албайт", — деди Зубец.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Коопсуздук кеңешинде билдирүү жасап, Украинага шарттарын айтты

Улуу Британия АКШдан алыс кеткен жок

Россияга каршы санкцияны АКШдан тышкары Улуу Британия да киргизди. Лондон пакетинде ВТБнын активдерин толугу менен тоңдуруу каралган, россиялык банктар британиялык финансы системасын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, Улуу Британия аркылуу фунт менен клиринг жана төлөм жүргүзө албай калды.
Улуу Британия өкмөтүнүн жаңыланган санкциялык тизмесине ВТБ менен "Ростех", "Объединенная авиастроительная компания", "Объединенная судостроительная компания" жана "Уралвагонзавод" (УВЗ) ишканалары кирди.
"Ростех", "Уралвагонзавод" — бул аскердик өнөр жай өндүрүшү, — деп түшүндүрдү Зубец. — Ооба, маселе жаралышы мүмкүн, мисалы, "Ростехке" кирген "АвтоВАЗ" кыйналышы ыктымал. Бирок андай боло турган болсо, бул уюмдар көз карандысыз акционердик ишкана катары ишмердүүлүгүн уланта берсе керек. Танк жасаган УВЗнын Британиянын финансы рыногуна эмне тиешеси бар экенин түшүнгөн жокмун. Мунун баары мамлекеттик бюджеттен каржыланган россиялык компаниялар. Тыш жактан тартып келген каражаты өтө аз көлөмдө. Россиянын аскер-өнөр жай комплексинин тышкы рынокко жеткиликтүүлүгүн кыскартуу боюнча чаралар 2014-жылы эле башталган, бир нерсе өзгөрүп кеттиби?".
Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон россиялык жарандардын британиялык банктардагы салымынын көлөмү чектеле турганын билдирди.
"Россия элитасы чек жакта тонолуп кайра келерин жакшы түшүнөт. Британия өкмөтү Россия элитасын мекенчилдикке тарбиялап жакшы кылып жатат, рахматтан башка айтарыбыз жок", — деди Зубец.
Мындан тышкары, эксперт аталган чара Россия өкмөтүнө да, бюджетине да эч кандай сокку болбой турганын белгиледи. Жеке тараптын акчасын конфискациялоо Россиянын макроэкономикалык стабилдүүлүгүнө кандайча таасир этери табышмак.
Буга катар Лондон "Аэрофлот" компаниясына да каршы санкция киргизди. Эми бул такыр эле тайкылык дейт эксперт.
"Росавиация" тескери чагыла турган чектөөлөрдү киргизүү чечимин кабыл алган, британиялык авиакомпаниялар РФ аймагынан учуп өтө албайт, — дейт ал. — Демек, алар транссибирдик каттамдарды аткара албайт, Пекинге, Токиого жана башка жактарга жолу буулду. Бул аймактарга жетүүнүн эң кыска жолу — Сибирдин түндүк тарабы. Эгер Россиядан кыйгап уча турган болсо, убакыттан да, каражат жагынан да катуу уттурат. Кезектеги тайкылык. Россия кайра чагыла турган кадамдарга бара алчу жерге санкция киргизүүнүн эмне кереги бар эле?".
Кайра эле Россиянын макроэкономикасына "Аэрофлот" эч кооптуулук жарата албайт дейт эксперт.
"Биринчиден, "Аэрофлоттон" башка каттам аткаруу жүгүн мойнуна ала турган компаниялар көп. Экинчиден, ички рейстерди аткара алчу казакстандык, азербайжандык, өзбекстандык жана башка чет элдик компаниялар турат. Албетте, кымбатыраак болот, бирок жолу бар да. Россиянын ички аба каттамын мындай жол менен үзгүлтүккө учурата албайт", — деди Зубец.
Байден Европага АКШнын кошумча күчтөрүн жайгаштырууга буйрук берди

Евробиримдик эмне дейт?

Жумага караган түнү Евробиримдиктин өлкө жана өкмөт башчылары Брюсселде чукул жыйынга чогулуп, Россияга каршы бир катар персоналдык жана экономикалык санкциялардын пакетин кабыл алды. Алар негизинен энергетика, транспорт тармагына, экспорттук көзөмөлгө, экспорттук каржылоого жана виза саясатына тиешелүү.
Финансы секторун алсак, Еврокомиссиянын билдирүүсүнө ылайык, санкциялар россиялык мамлекеттик ишканаларды ЕБ менен финансылык операция жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууга багытталган. Мындан тышкары, "Россия элитасына" банкка депозит үчүн 100 миң евродон жогору сумманы салууга бөгөт коюлду.
Бул пакетке биринчи жолу Россияны капиталдын маанилүү рынокторунан четтетүүгө багытталган финансылык санкциялар камтылды. Алар Россиянын банк кызматтары рыногунун 70 пайызына таасир этип, маанилүү мамлекеттик компанияларды бутага алат. Максаты — Россиядагы инфляцияны тездетип, өлкөнүн өнөр жай потенциалын акырындап төмөндөтүү.
"Батыштан келген каржылоо өтө арзан болуп саналат, — деди Алексей Зубец. — Мисалы, ал жактан 1-4 пайыз менен алган акчаны бул жакта бир топ пайыз менен карызга берели. Банктар арзан каржылоодон кол жууп, мындан киреше көрө албай калат. Демек, насыя кымбаттап, инфляция жогорулашы мүмкүн. Бирок катуу сезилбейт".
Эксперт быйыл Россияда инфляция санкциясыз эле ылдамдамактыгын белгиледи.
"Албетте, инфляцияга шыкакчы импульс жакшы нерсе эмес. Тышкы каржылоодон ичкиге өтүү керек, — дейт адис. — Бирок кандай болгон күндө да каржылоонун ички булагы, башкача айтканда, элдин депозити буга чейин деле банктар үчүн негизги булак болуп келген. Экинчи булак — бул Центробанк. Чет элдик валюта менен кредит алган россиялык финансы уюмдарынын саны анча көп эмес".
Эксперт жагдайдын жакшы жагы бар экенин да белгиледи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Анти-Россия идеясы талкаланууда. Эми Батыштан эмнени күтүүгө болот?
"Мындай кырдаалда Россиянын тышкы корпоративдик карызы өспөй токтоп калат. Банктар россиялык жана чет өлкөлүк насыянын ортосундагы айырмачылыктын эсебинен күн көрсө, тышкы каржылоого жана ички системанын олку-солку элементтерине байланышкан көйгөйлөр жаралат. Тышкы корпоративдик карыздын өспөй токтоп турушу Россия экономикасын жакшыртып алууга негиз болот", — деди Зубец.
Россиянын энергетика тармагына каршы жарыяланган санкциялардын негизинде ЕБ "нефтини кайра иштетүүгө зарыл уникалдуу европалык технологиялардын" экспортуна тыюу салды. Еврокомиссия өз билдирүүсүндө бул инструменттер абдан уникалдуу экенин, анткени ЕБде гана өндүрүлөрүн, башка жактан алып келүүгө болбой турганын айтууда. Мындай чара Россияны марыткан нефтини кайра иштетүүчү заводдорун модернизациялоо мүмкүнчүлүгүн таптакыр жоет имиш.
"2014-жылы ушундай эле аракет болгон. Анда санкциялар бургулоо жана казуу иштери үчүн америкалык техника экспорттоого тыюу салуу менен башталган. Көрүп турганыбыздай, Россиянын нефть өнөр жайы бул чечимден анча деле запкы тарткан жок. Экинчи жагынан бул жогорку технологиялык продукцияны өлкө ичинде өндүрүүгө жакшы түрткү болот", — деп комментарий берди Зубец.
Мындан тышкары, ЕБ санкциясы авиациялык тетиктерди сатууга тыюу салууну да камтыйт. Зубецтин айтымында, мындай чара Россияга чындап оор тийиши мүмкүн.
"Россия учак чыгарууда тиешелүү деңгээлге чыга элек, демек, курч көйгөйгө айланышы мүмкүн. Аз көлөмдөгү өзүнүн самолеттору да чет жактан келген тетиктерден куралган. Мындай чара Россияны учактарды лизингге алууга мажбурлайт. Бул Россияныкы эмес, чет жакка таандык учактар болот", — деди эксперт.

SWIFT системасынан чыгаруу

Чукул жыйында ЕБ лидерлери Россияга каршы санкциялардын үчүнчү пакетин да талкуулашты. Ага Россияны эл аралык SWIFT төлөм системасынан чыгаруу кирип калышы мүмкүн.
Зубецтин пикиринде, бул чаранын чындап колдонулушу күмөн.
"Дүйнө SWIFT менен бүтүп калган эмес, буга окшогон далай система бар, Россия менен Кытайдыкын карап көрсөк болот. Эгер Европа Россияны SWIFT системасынан чыгарып сала турган болсо, өз продукциясын Россияга сатуудан түшкөн акчасын кантип алат? Россия — Евробиримдиктин көлөмү боюнча 5-орунда турган соода өнөктөшү, алар жылына РФке 80 миллиард долларлык товар сатышат. Ушул акчаны кантип алышат? Россияны SWIFT системасынан чыгаруу Европа экономикасына да урулган сокку болот. Азыр ЕБдин бир топ мүчөсү буга каршы болууда", — деди адис.
Биринчи канал, ВГТРК жана "Останкино" радиосу Европалык уюмдан чыкты

Постсоветтик мейкиндикке таасири

Батыштын санкциялары Беларуска жайылтылат. Чектөөлөр коргонуу тармагына жана финансылык мекемелерине багытталган. Дал ушул эки тармак АКШнын пикири боюнча Россия менен тыгыз байланышта. Санкциялык тизмеге "Белинвестбанк" менен "Банк Дабрабыт", коргоо өнөр жайы менен коопсуздук органдарынын бир катар мекемелери кирди.
"Беларусь үчүн эч кандай кыйынчылык жаралбайт, анткени анын эң чоң рыногу — Россия, — деди Зубец. — Күч түзүмдөрүнүн бул жакка эмне тиешеси бар экени түшүнүксүз. Жыйынтыгы кандай болот? Эмнени күтүп жатышат? Анын үстүнө бюджеттик каржылоо беларусь рубли менен жүрүп келет. Андыктан бул тууралуу сөз кылып да кереги жок".
Эксперттин баамында, Казакстандын айланасындагы кырдаал кызык.
"Бул өлкө ар дайым Чыгыш менен Батыштын ортосунда тең салмактуулукту сактоого умтулуп, экономиканы диверсификациялоо менен алектенип келди. Бирок бүгүнкү күндө республика Россияга катуу байланып турат, акыры бир тарапты тандашы керек. Эгер РФке каршы санкцияларга кошула турган болсо, мындайга да күбө болгонбуз, тигил же бул долбоорлорду ишке ашыра албай калуунун негизинде аталган республиканын өнүгүүсү токтоп калат. Анда Казакстан Россия жана Кытай менен соода-экономикалык алакасын толук кандуу өнүктүрө албаганы үчүн "Бир алкак, бир жолдун" бардык долбоорлорунан четтетилет", — деди Зубец.
Эксперт Азербайжандын президенти Ильхам Алиев туура чечим кабыл алганын белгиледи. Окуя курчуп турган кезде Москвага учуп келип, кызматташуу тууралуу документтерге кол коюп, украин чыры башталгандан кийин бул окуя Россия менен Азербайжандын достугуна эч көлөкө түшүрө албастыгын жар салды.
"Өз тандоосун жасады, Россияга тарткан жок, Кытай, Россия жана Азербайжандын ортосундагы интеграциялык долбоорлорго басым жасады. Казакстан да ушул жол менен кетиши керек. Же санкцияларга кошулуп, Кытай менен Россиянын өнөктөшү болуудан калат. Баку Россия менен мамиле биринчи орунда экенин, алака коңшулар менен жакшы боолгондо гана өнүгөрүн түшүндү", — деди Зубец.
Ал эми Балтика мамлекеттери терең батышчыл экенин белгиледи адис. "Ал жак Россия менен экономикалык мамилелердин үзүлүшүнөн улам ылдыйды көздөй гана кете берет. Литванын да, Латвиянын да, Эстониянын да экономикасы стагнацияда", — деди ал.
Зубец түзүлгөн жагдайда Молдова бир топ пайда көрүшү мүмкүн экенин белгиледи. "Молдова эки жактын тең көңүлүн алууга аракет кылат. Ал тургай транзиттик мүмкүнчүлүгүн пайдаланып калууга аракет жасашы ыктымал. Анын үстүнө республика Россия менен Европага ортомчу катары да иш жүргүзүп келет, мындан пайда табууга аракет кылат. Аракети оңунан чыгып калышы толук мүмкүн", — деди Зубец.
Рублдин олку-солку болуп турган курсу союздук республикаларга таасирин сөзсүз тийгизет дейт эксперт. "Бул мамлекеттердин баары Россиядан көз каранды, РФтеги бардык экономикалык көйгөйлөр чагылат. Бул Балтика өлкөлөрүнө да тиешелүү. Инфляция менен девальвация Россияда гана эмес, Борбор Азия республикаларында да, Балтикада да болушу толук ыктымал. Россиядагы ар бир жөнөкөй эмес кырдаал алардын экономикасына таасирин тийгизет", — деди Алексей Зубец.
Анын айтымында, эгер мурунку СССРге кирген республикалар Россияга каршы жасалып жаткан санкциялык кысымга кошула турган болсо, экономикасы жабыркайт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия БУУнун Украина боюнча резолюциясына бөгөт койду

Жыйынтык

Алексей Зубец жыл жыйынтыгы менен Россияда инфляция 10 пайызга чукулдай турганын божомолдоду.
"Рублдин курсу бир долларга 80-90 рублдин чегинде карамалып турат. Центробанк 90дон ашырбайт. Абал туруктуша баштап, Украина маселеси аягына чыккан жылдын экинчи жарымында кайрадан бир доллар 75 рубль турган чекке, мүмкүн андан да төмөн көрсөткүчкө жетебиз", — деди эксперт.
"Менимче, Батыш өзүн ашкере баалап жатат. Жалпак тил менен айтканда Россияны чындап кыйынчылыкка кептей турган эки гана чара бар. Биринчиси — Россиянын доллар жана евро менен эсептешүүсүнө бөгөт коюу, аталган валюталар менен бардык россиялык жарандарга соодалашууга тыюу салуу. Мисалы, Россия кимдир бирөөгө нефтисин же газын сатайын дейт, бирок сатып алган кишиден акчасын ала албайт, анткени финансы системасы доллар менен евродон өчүрүлгөн. Экинчиси — нефть, газ, металлды экспорттоого тыюу салуу. Убагында Иранга да ушундай ыкманы пайдаланууга аракет жасалган", — деди Зубец.
Анын айтымында, техникалык жактан муну жасоого болот.
"Бирок Батыш буга барган жок, аталган чаралар каралган да жок. Эмне үчүн? Себеби бул алардын өздөрүнүн экономикасына болуп көрбөгөндөй сокку урат. Экинчиден, отун-энергетикалык ресурстар рыногун тең салмактуулуктан чыгарат. Үчүнчүдөн, Россияны катаал жооп кайтарууга түртөт. Ал эми стратегиялык өнөктөштөрүнүн жашоосун кыйындатып коюуга Россиянын мүмкүнчүлүгү жетиштүү. Хакердик чабуулдан тарта бүт дүйнөгө таасир этүүчү эл аралык макулдашуулардан чыгып кеткенге чейин бара алат", — деди эксперт.
Адис белгилегендей, Батыш мамлекеттери Россияга эмнеге жөндөмдүү экенин жакшы билет, ошондуктан кысымды да аяр жасайт.
"Батыш колунан келген нерсенин баарын жасады. Ооба, дагы кошумча санкциялар кабыл алынышы мүмкүн. Бирок Россиянын Кытай менен макулдашуусу бар. Эгер Батыш Россияга телекоммуникациялык жабдуу жеткирбей турган болсо, аны демек Кытайдан алат", — деди Зубец.
Эксперт РФке каршы санкцияларга Кытай, Индия, Корея, Латын Америкасы жана башка бир катар мамлекеттер кошулбаганын белгиледи. Анын айтымында, Россия үчүн дүйнөдө ачык рыноктор жетиштүү.
"Ооба, айрым ишкана-уюмдар кыйынчылыкка тушугушу мүмкүн, бирок алар бүгүн эле эмес, тээ 2014-жылы эле башталган. Андан бери сегиз жыл өттү. Жашап келе жатабыз", — деди Зубец.
Эксперт белгилегендей, туруктуулук маселеси орчундуу. Бул — Россиянын нефть, газ, металл жана башка товарларды дүйнө рынокторуна сатуу мүмкүнчүлүгү. Мына ушул мүмкүнчүлүктүн бирине дагы Батыш санкциялары кооптуулук жарата албайт деп сөзүн жыйынтыктады экономика илимдеринин доктору.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кыргызстан Россияга салынган санкциядан улам антикризистик план иштеп чыгууда