БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Жалал-Абадда кар көчкү түшкөн аймактан бир автоунаа табылды, бирок жоголгон төрт киши дагы деле дайынсыз. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Кечээ саат 16:30да Түндүк — Түштүк альтернативдик унаа жолунун 338-чакырымында Көк-Арт ашуусундагы тоннелдин түштүк тарабында куткаруучулар Pickup үлгүсүндөгү унааны тапкан.
"Машинанын ичинде киши болгон эмес. Аталган тилкеде Кытайдын China Road ишканасынын бир кызматкери дайынсыз болууда", — деп жазылган маалыматта.
ӨКМдин Гидрометеорологиялык кызматынын адистеринин маалыматына ылайык, бул жакта кар көчкүнүн көлөмү 600 миң кубометрди, ал эми орточо бийиктиги 10 метрди түзөт.
Эскерте кетсек, Түндүк — Түштүк (Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунун 332 жана 338-чакырымдарында кар көчкү түшүп, Казарманды карай жолду тазалап жаткан төрт адамды техникасы менен кар көчкү басып калган. Изделип жаткандар 24 жаштагы К.А., 44 жаштагы С.С., 43 жаштагы Х.Я. жана 35 жаштагы Л.Д. аттуу Кытайдын China Road ишканасынын жумушчулары.
Соңку маалымат боюнча, кар түшкөн аймакта 58 куткаруучу, атайын үйрөтүлгөн иттер жана темир издөөчү каражат менен адистер иш алып барууда. Жалпы сегиз техника, тагыраагы, беш экскаватор, бирден бульдозер, грейдер жана эки унаа жүктөгүч тартылган. ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев издөө ишин жүргүзүү үчүн кар көчкүнү рентген съемка кыла турган жабдыгы менен Россиядан атайын адистер келери күтүлүп жатканын айткан.