Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: Зеленскийдин Украинанын нейтралдуу макамын талкуулоого даяр экени калп

РФ ТИМинин башчысы Россия Украинаны куралсыздандыра турганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Президент Владимир Зеленскийдин Украинанын нейтралдуу макамын талкуулоого даярмын дегени калп. Бул туурасында Россия ТИМинин башчысы Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымына караганда, НАТО Чыгышты багындыруу үчүн Украинага "как жарып кирип келди".

"Россия Украинаны демилитаризациялайт. Россия украин элинин көз карандысыздыгына кызыкдар", — деген министр.

Бүгүн, 25-февралда, Зеленскийдин кеңсеси Украина Россия менен нейтралдык макам боюнча сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирген.
Эске салсак, 24-февралдын таңынан тарта Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүттө өнүгө баштады. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылды. Ал эми Украина президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бардык аймагына согуштук абал киргизилип жатканын билдирди.
Ал арада бир катар Батыш мамлекеттери бул чечимди сындап, БУУнун башкы катчысы Украинадагы жаңжалды тез арада токтотууга чакырган.
Ал эми Путин буга чейинки сүйлөшүүлөр жыйынтык бербегендигин, Россиянын НАТОну кеңейтпөө боюнча сүйлөшүү аракетинен майнап чыкпагандыгын билдирди. Андан сырткары, Путин россиялыктарга жана украин аскерлерине кайрылып, Украинанын бийлигинин кылмыштуу буйруктарынан баш тартууга чакырган. Эгер кан төгүлүп кетсе, жоопкерчилиги Украинаны башкарган режимде болорун белгилеген.
Чыңалган кырдаалдан бир күн өткөндөн кийин, 25-февралда, Франциянын президенти Эммануэль Макрон Зеленскийдин өтүнүчү менен Россия президенти Владимир Путинге чалган.
Ал "Зеленский аскердик иш-аракеттердин эртерээк бүтүшүн суранып, аны менен сүйлөшүү жүргүзүүнү өтүнгөнүн, Украина президенти Путин менен байланыша албагандыгын" айткан. Анткен менен Макрон сүйлөшүүдөн жыйынтык болбогонун кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын Украинадагы атайын операциясы. Максат — демилитаризация