Бул көрүнүш Түштүк Африкада кадрга түшкөнүн National Geographic жазды.
Бул түрдөгү тоо эчкилер адатта аска-зоолордо жүрөт. Кыялардан оңой өтүп, жар боорунда калса жолду кыйналбай таап кетет. Адистер алардын жалама аскаларда көп жүргөнүн жырткычтардан коргонуу ыкмасы экенин айтып келишет. Анткен менен андай бийик жерден эч кимге зыяны жок бул жаныбар илбирске жем болуп калышы мүмкүн.
Маалыматта Гималай тоо эчкисин Африкага Тибеттен алып келишкени, жаныбар жаңы жерге ыңгайлашып, көнүп кеткендиги айтылат. Алар өтө шамдагай келгендиктен жалама асканын боорунда алакандай урчукту таканчыктап тура берет, бадалга жабышып, кулабай кармалып тура алат.
Тема боюнча: