БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева депутаттык мандатын тапшыра турганын айтты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Назарбаеванын билдирүүсү zakon.kz. порталына жарыяланып, анда эл өкүлү парламенттен кетүү чечимин кабыл алганын айткан.
"Бүгүн мен Мажилистен кетип, депутаттык мандатымды тапшырып, коомдук, гуманитардык, маданий жана кайрымдуулук ишмердүүлүгүнө өтүү чечимин кабыл алдым", — деп жазылат билдирүүдө.
Ал Nur Otan партиясына добуш берген казакстандыктарга ыраазычылыгын билдирип, партиялаштарына жана өлкө жетекчилигине көрсөткөн ишенимине рахматын айткан. Назарбаева Казакстандагы январь окуяларын эстеп, андан сабак алуу керектигине токтолгон.
"Бул каргашалуу, коркунучтуу күндөр анархия эмнеге алып келерин көрсөттү. Мекенибиздин азыркы абалы жана келечеги үчүн, улуттук суверенитетти, эгемендүүлүктү сактоо үчүн, тынчтык, коопсуздук үчүн биримдикте болушубуз керек. Мындан ары да мекен үчүн милдетимди аткара берем. Ага кызматтын кереги жок", — деген Назарбаева.
Дарига Назарбаева — Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы. 2012-2015-жылдары Мажилистин депутаты, парламенттин төмөнкү палатасынын вице-спикери болуп иштеп, 2015-жылдын сентябрь айынан 2016-жылдын сентябрына чейин Казакстандын премьер-министринин орун басары болуп эмгектенген. 2016-жылдын 13-сентябрынан баштап парламенттин жогорку палатасынын депутаты, 2019-жылдын 20-мартында парламенттин сенатынын спикери болгон. 2021-жылдын 25-февралынан 2022-жылга чейин парламенттин төмөнкү палатасынын депутаты болгон. Январь окуяларынан кийин Nur Otan партиясынын саясий кеңеши алмашып, Назарбаева чыгарылган.