Россия улуттук кызыкчылыктарына басым жасоо менен зарыл деп санаган аракеттерди көрөт. РФ президенти Владимир Путин Беларусь лидери Александр Лукашенко менен сүйлөшүүлөрдөн соң ушундай деп билдирди. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко РФтин кадамдарына токтолуу менен азыркы жагдайга баам салган.
21-февралда РФтин Коопсуздук кеңешинин кеңейтилген кеңешмеси өтүп, Владимир Путин Россия тарабынан Донецк жана Луганск эл республикаларын таанылышы жөнүндө жарлык чыгарды. АКШ жана НАТОнун Европада Россиянын кызыкчылыктарын таптакыр танып туруп алышынан, киевдик режимдин Минск келишимин (2015) аткаруудан баш тартышынан улам Россия аргасыздан мындай татаал чечимди кабыл алды. Аталган макулдашуу куралдуу жаңжалды жөнгө салуу, Донбасстын миллиондогон жай тургундарын, анын ичинде РФтин жүз миңдеген жарандарын бекем коргоо үчүн түзүлгөн.
Тилекке каршы, Украина Куралдуу күчтөрүнүн артиллериялык снаряддары Ростов облусунун территориясында жарыла баштады. Буга чейин Москва орус калкына каршы киевдик режимдин аракеттери кыргын акты экенин расмий түрдө билдирип, документтер менен тастыктаган. Биз азыр Киевдин америкалык жана НАТОлук кураторлорунун жетекчилигиндеги антироссиялык касташкан улутчулдук саясатынын жыйынтыктарына күбө болуп турабыз. НАТОнун кыйроого кептей турган кеңейиши, Чыгыш Европа мамлекеттеринде чет өлкөлүк аскердик орун алуунун жаңы мисалын көрүп турабыз. Кайтпас чектен да өттү.
Москва Донецк жана Луганск эл республикаларын Киевден көз каранды болбогон өз алдынча мамлекет деп эсептейт. РФтин Мамлекеттик думасы, ошондой эле аталган республикалардын парламенттери 22-февралда достук жана өз ара жардамдашуу жөнүндөгү келишимди ратификациялашты. Эки тараптуу келишимдердин негизинде Донбасстын коопсуздугун коргоо жана коргонуу жөндөмүн эми Россиянын Куралдуу күчтөрү камсыздап (кепилдеп) бермекчи. Кол коюлган документтер Донецк жана Луганск эл республикаларына РФтин аскер базаларын жайгаштырууга жол берет.
Россиянын аталган республикаларды таанышына Батыштын реакциясы күтүлгөндөй эле терс (мында Косово прецедентин эстеп койгон оң) болду. АКШ жана Европа Россияга каршы жаңы санкцияларын киргизди. Түндүк атлантикалык альянс "эл аралык таанылган чек аралары алкагында Украинанын суверенитетин жана территориялык бүтүндүгүн" оозеки колдоду.
РФтин Батыштагы "өнөктөштөрү" киевдик режимди даректүү – Донбасстагы согуш үчүн курал-жарак менен жабдууну улантарына убада беришти. Бирок Россия менен Европанын тарыхы санкциялардан, АКШ жана НАТОнун курал менен жабдуусунан жана башка онтоп-сонтомойлорунан көз каранды эмес.
Коопсуздуктун жаңы чек аралары
РФтин Коопсуздук кеңешиндеги территориялык дискурс, Мамлекеттик дума жана Донбасс республикаларынын расмий өкүлдөрүнүн билдирүүлөрү бүгүнкү күндө Украина менен жаңы чек аралары тараптардын чектешкен чийининен батышыраак, башкача айтканда, СССР убагынан бери келе жаткандай Донецк жана Луганск облустарынын чек араларынан Славянск, Северодонецк жана Мариуполь менен кошо өтүшү мүмкүн.
Тегин жерден Азов деңизинде РФтин Аскер-деңиз флотунун он ракета жана десанттык кемесинен турган кубаттуу күчтөрү жайгашкан эмес. Эки тараптуу макулдашууларга ылайык, Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы жана Кара деңиз флоту көз карандысыз республикалардын чек араларын күзөтүүгө көмөктөшөт. "Жашыл фуражкачандардын" өз ара аракет этүү алгоритмдери мурда Түштүк Кавказда өздөштүрүлгөн.
Жаңы чек аралардын альтернативи жок, ошентсе да украиналык президент Владимир Зеленский өз жарандарына: "Биз эч кимге эч нерсе бербейбиз", - деп билдирди. Вашингтон да "Россия менен Украинанын түз согушун" өжөрлүк менен пропагандалоосун токтоткудай эмес. Эгер Украинанын Куралдуу күчтөрү Донбасстан (Донецк жана Луганск облустарынын территориясынан) чыкпай, артиллериясын жана зооттолгон техникасын, танкка каршы коргонуучу Javelin жана NLAW комплекстерин пайдалана берсе, "Антироссия" америкалык долбоорунун жаңы чек арасы батышка алда канча нары, тагыраак Днепрге дейре жылышы ыктымал. Жакынкы күндөрдө бул кыйла реалдуу вариантка айланышы мүмкүн.
Украина бир тараптуу Россия менен дипломатиялык алаканы да үзүүгө барды, бирок Донбасста "партизандык кыймыл" тууралуу кептер өтө эле көбүртүп-жабыртылган.
Bloomberg агенттиги аталган аймактагы ыктыярчылардын саны 60 миңге чейин деп кабарлады. Бирок алар элдин колдоосуна татыган жок.
Польшалык Rzeczpospolita басылмасы Украинанын чек араларындагы россиялык аскерлер тобу "2-3 күн ичинде" Украинанын Куралдуу күчтөрүн талкалап коё аларын, миллиондогон украиналыктар "россиялык армиянын өлкөгө киришин" колдоого даяр экенин белгилейт.
Ортодо Россия үчүн АКШ жана НАТО тарабынан коопсуздук кепилдиктери маселеси чечилбеген бойдон турат. Беларусь президенти Александр Лукашенконун пикиринде, батыш лидерлери өз элдерине кооптуу, алар бүгүнкү тиреш эмнеге кептей турганын аңдашпайт.
Чектешкен мамлекеттердин (анын ичинде үчүнчү өлкөлөрдүн) территориясында көп сандагы күч жана каражаттар топтолуп, альянстын чукул чара көрүүчү түзүмдөрүн пайдаланууга даярдык деңгээли жогорулатылды. Дал ушул себептен Москва жана Минск Беларусь республикасынын аймагындагы "Союздук чечкиндүүлүк – 2022" машыгууларын узартууну чечти.
Стратегиялык жана фронттук авиациясы, артиллерия жана ракеталык тутумдарынын колдоосунда Чыгыш аскер округунун деңиз пехотасы "мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү" жок кылууга машыгууда. Ага катар эле Жер ортолук, Азов жана Кара деңизде Россиянын Аскер-деңиз флоту жана Аскер-аба күчтөрүнүн масштабдуу окуулары өтүүдө.
Батыштын атайын кызматтарынын маалыматы боюнча, Беларустун үч аэродромунда РФтин Аба-космостук күчтөрүнүн 41 Ми-24 тик учагы, фронттук төрт Су-24 жана ушундай эле сандагы Су-34 бомбалоочусу, оор МиГ-31 истребителинен алтоо, Су-30 жана Су-35тен 16 бирдик бар. Крымга Су-25 чабуулчусунан 28, Су-34 бомбалоочу истребителинен 13 бирдик, фронттук Су-24 бомбалоочуларынан, Су-27 жана Су-30 истребителдеринен бир топ, ошондой эле ар кандай багыттагы 60 тик учак коюлган.
Россиянын чек арасынын түштүк-батышында – Ростов облусу жана Краснодар крайында тогуз Су-24, он алты Су-34 жана он үч Су-25 чабуулчусу, ошондой эле 22 Ми-24 жана Ка-52 тик учагы жайгаштырылган. Белгород облусуна Ми-8, Ми-24/35 жана Ми-28 машиналары оголе көп топтоштурулган.
РФтин "өнөктөштөрү" эски дүйнө менен жаңы реалдуулуктун ортосундагы кесилиште турат. АКШ жана НАТОнун РФ жана Беларусь республикасынын аскердик кагылыш кооптуулугу дале кайта элек. Москва менен Минск Польшада (Украина менен чек арага жакын) өтүп жаткан америкалык аскерлердин окууларына кылдат байкоо салууда. 2008-жылдын августунда грузиялык операцияга Пентагондун аскерлери активдүү катышканын эч ким унуткара элек. Союздаштары арасында таасирин жоготуп, аброюн гана төмөндөтүп алганы болбосо, ошол кадамдарынан Кошмо Штаттардын тапкан пайдасы деле болгон эмес.
Россия президенти Владимир Путин: "Россия мурдагы советтик республикалардын суверенитетин колдойт. Тышкы таасирдин айынан мында Украина менен кырдаал башка", — деген пикири жөндөн-жөн айтылбагандыр. Очаковдогу чет өлкөлүк база жакын арада жок кылынары ажеп эмес.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.