Бишкек шаарына жаңы мэр дайындалды

Абдыкадыров Бишкек мэриясынын системасында 30 жылдан ашык иштеп, үч жолу шаардык кеңештин депутаты, вице-мэр болуп эмгектенген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Аталган жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон. Калааны буга чейин башкарып келген Айбек Жунушалиев президенттин жарлыгы менен президенттин администрациясынын жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.
Эмилбек Абдыкадыров Бишкек мэриясынын системасында 30 жылдан ашык иштеп, үч жолу шаардык кеңештин депутаты, вице-мэр болуп эмгектенген. Курулуш агенттигинде жетекчинин орун басары болуп да иштеген. Өзүнүн курулуш компаниясы бар.
Буга чейин Абдыкадыров кытайлык инвестор менен Ат-Башы районунун аймагына логистикалык-соода-өндүрүш борборун курууга белсенген. Бирок жергиликтүү калк каршы болуп, долбоор ишке ашпай калган.
Бир кыз, эки уулдун атасы.
Жапаров: жогорку кызматта тургандардан тарта молдолорго чейин ротацияланат