Журналист Абдувахаб Мониев дүйнө салды

Ал буга чейин "Асаба", "Агым" гезиттеринде кабарчы, "Учкун", "Ош жаңырыгы" жана "Эркин-Тоо" басылмаларынын башкы редактору болуп эмгектенген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Журналист Абдувахаб Мониев 48 жашында каза болду. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.
Алардын айтымында, журналист ооруп жүргөн.
Абдувахаб Мониев 1974-жылы Оштогу Араван районуна караштуу Чөгөм айылында туулган. Буга чейин "Асаба", "Агым" гезиттеринде кабарчы, "Учкун", "Ош жаңырыгы" жана "Эркин-Тоо" басылмаларынын башкы редактору болуп эмгектенген. Ошондой эле "Генерал Ысакбек" патриоттук демилгелерди колдоо коомдук фондунун президенти болгон.
Шум ажал алып тынган кайрандар. Эмгегиңер эл эсинде...