Садыр Жапаровдун Сибирде кызмат өтөгөн сүрөтү

Султанбаев Жапаровдун бир нече сүрөтүн тиркеген. Анда президенттин аскердик милдетин өтөп жүргөн кези чагылдырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров белгилүү Сибирь Кызыл туу аскердик округундагы №57849 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирип, өлкө башчынын аскердеги кезиндеги сүрөттөрүн Facebook баракчасына жүктөдү.
"Төмөндөгү сүрөттөрдө Садыр Нургожоевичтин аскердик милдетин өтөп жүргөн кези чагылдырылган. Ошондой эле сержант Жапаров советтик армиянын катарында аскердик милдетин өтөө учурундагы эң мыкты көрсөткүчтөрү үчүн сыйланганын көрүүгө болот. Анын биринде жоокер Жапаров сөз сүйлөп бүтүп, аскер башчыларынын жанында турат (арткы планда, микрофондун жанында). Башка сүрөттө аскер бөлүгүнүн командиринин аскердик милдетине берилгендиги үчүн сержант Садыр Жапаровго ыраазычылыгы көрсөтүлгөн", — деп жазган Султанбаев.
Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 23-февралда, кыргызстандыктарды Мекен коргоочулардын күнү менен куттуктап, ата конушту коргоо ар бир кыргызстандыктын ары сыймыктуу, ары жоопкерчиликтүү атуулдук милдети экенин белгилеген.
Зыңкыйышат! Таанылгыс болуп өзгөргөн саясатчылардын армиядагы сүрөттөрү