Россия ДЭР жана ЛЭР менен дипломатиялык мамиле түздү

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ДЭР менен ЛЭРдеги кесиптештерине куттуктоо жөнөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. 22-февралдан тарта Москва Донецк жана Луганск эл республикалары менен дипломатиялык мамиле түзөт. Бул тууралуу Россиянын ТИМи билдирген.
"Россия президенти Владимир Путиндин ушул жылдын 21-февралындагы № 71 буйругуна ылайык, 2022-жылдын 22-февралында Россиянын ТИМи Донецк жана Луганск эл республикаларынын ТИМдери менен нота алмашуу жолу аркылуу ушул датадан тарта дипломатиялык мамиле түзүү макулдашылды", — деп жазылат маалыматта.
Мекеме Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ДЭР менен ЛЭРдеги кесиптештерине куттуктоо жөнөткөнүн кошумчалады.
ЖМК: ЕБ Мамдуманын 351 депутатына каршы санкция даярдоодо