ЛЭР менен ДЭР суверендүүлүгүнүн таанылышын кантип майрамдады. Видео

Донецк менен Луганскинин жарандары Россия тараптан көз карандысыздыгынын таанылышын кубануу менен кабыл алып, майрамдык салют аттырышты.
Sputnik
22-февралга караган түнү Россия президенти Владимир Путин элге кайрылуу жасап, Донецк менен Луганскинин көз карандысыздыгын тааныган соң бул республикалардын эли майрамдоо үчүн көчөгө чыгышты. Донецкинин борбордук аянтында салют атылып, Россиянын гимни жаңырды.
Келишимге Россия лидери Владимир Путин жана ЛЭР менен ДЭРдин жетекчилери Денис Пушилин, Леонид Пасечник кол коюшту.
Буга чейин Донецк Эл Республикасынын (ДЭР) жана Луганск Эл Республикасынын (ЛЭР) башчылары Россия президентине алардын суверендүүлүгүн таанууну суранып кайрылган эле.
Тема боюнча:
Россиянын Донецк менен Луганскини таанышы: учурда абал кандай
Мюнхендик көмүскө бүтүм. Зеленский кайрадан Россия менен согушууга жөнөтүлдү
Донецк жана Луганскини Мамлекеттик Дума тааныйбы? Депутаттын пикири