Сомнолог уйкусуздуктун негизги себептерин санап берди

Адис айрым учурда кайсы бир оорулардан арылгандан кийин да уйкусуздук боло берерин, бул организм уктабаганга көнө түшкөнү менен байланыштуу экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Уйкусуздуктун негизги себептерин дарыгер-сомнолог, медицина илимдеринин кандидаты София Черкасовага таянуу менен "Известия" жазды.
Түндө уйку бербеген негизги факторлор: стресс, кыймылдын өтө аздыгы, кофени ашыкча ичүү жана гаджеттерди көп колдонуу.
"Уйкусуздуктун келип чыгышын бир нече топко бөлүүгө болот: бул жашоо образы, организмге жана денеге байланыштуу себептер, психопатология. Денеге байланыштуу факторлорго калкан безинин жана борбордук нерв системасынын оорулары, темирдин жетишсиздиги, кээ бир дары-дармектердин таасири кирет", — деген дарыгер.
Адис айрым учурда кайсы бир оорулардан арылгандан кийин да уйкусуздук боло берерин, бул организм уктабаганга көнө түшкөнү менен байланыштуу экенин кошумчалаган.
Окумуштуулар уйкусуздуктан арылуунун жолун айтышты