Жумгал: 51 үй-бүлөгө социалдык келишим менен 100 миң сомдон берилди. Сүрөт

Жумгал районундагы 13 айыл өкмөттөн 200дөн ашык долбоор кабыл алынып, анын ичинен 51и тандалган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Нарын облусунун Жумгал районунда калктын социалдык абалын жакшыртуу максатында пилоттук долбоор ишке ашып, социалдык келишимдин негизинде жакыр жашаган 51 үй-бүлөнүн ар бирине 100 миң сомдон бир жолку социалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан билдирди.
1 / 5

Нарын облусунун Жумгал районунда калктын социалдык абалын жакшыртуу максатында пилоттук долбоор ишке ашып, социалдык келишимдин негизинде жакыр жашаган 51 үй-бүлөнүн ар бирине 100 миң сомдон бир жолку социалдык жардам көрсөтүлдү

2 / 5

Долбоор жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн оор турмуштук жагдайдан чыгуусуна дем берүү, чакан ишкердикти өнүктүрүүгө жана жумуш орундарын түзүүгө көмөк көрсөтүү максатын көздөгөн

3 / 5

Жумгал районундагы 13 айыл өкмөттөн 200дөн ашык долбоор кабыл алынып, анын ичинен 51и тандалган

4 / 5

Алардын мал чарба, тигүүчүлүк, сүт азыктарын өндүрүү, күнөскана иштетүү, үй эмеректерин чыгаруу багыттары экени айтылды

5 / 5

100 миң сомдон алган үй-бүлөлөр аны максаттуу пайдаланып, башка аймактарга жайылтууга үлгү болуулары керектигин, буюрса бул бүлөлөргө жергиликтүү фонддон да материалдык колдоо болорун айткан.

Долбоор жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн оор турмуштук жагдайдан чыгуусуна дем берүү, чакан ишкердикти өнүктүрүүгө жана жумуш орундарын түзүүгө көмөк көрсөтүү максатын көздөгөн.
Жумгал районундагы 13 айыл өкмөттөн 200дөн ашык долбоор кабыл алынып, анын ичинен 51и тандалган. Алардын мал чарба, тигүүчүлүк, сүт азыктарын өндүрүү, күнөскана иштетүү, үй эмеректерин чыгаруу багыттары экени айтылды.
Бүгүн, 19-февралда, аталган долбоордун күбөлүктөрүн тапшырышкан.
Жумгалга бул иш-чаранын алкагында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жетекчиси Рам Сараванамутту, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев барган.
Облус жетекчиси Ашимбаев жалпы теңир-тоолуктардын жана Жумгал элинин атынан Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигине, ошондой эле БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы уюмуна терең ыраазычылык билдирген.
100 миң сомдон алган үй-бүлөлөр аны максаттуу пайдаланып, башка аймактарга жайылтууга үлгү болуулары керектигин, буюрса бул бүлөлөргө жергиликтүү фонддон да материалдык колдоо болорун айткан.
Демилге президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Улуттук өнүгүү программасына киргизилип, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосунун алкагында ишке ашканы кабарланды.
Аталган пилоттук долбоорду Кыргызстан боюнча Нарын облусунун Жумгал районунда жана Баткен облусунун Кадамжай районунда сынамак болушкан.
Радио
Асанбаева: Жумгал жана Кадамжайдагы 100 долбоорго 100 миң сомдон бөлүндү