Кыргызстандыктар Москвадагы миграциялык борбордун кызматтарын кезексиз алат

Россияга келген мигранттарга медициналык текшерүүдөн жана дактилоскопиядан өтүү талабы коюлган. Мындан улам узун кезек жаралган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Көп функциялуу "Сахарово" миграциялык борборунда Кыргызстан менен ЕАЭБдин башка мамлекеттеринин жарандары үчүн "2А" деген өзүнчө кире бериш уюштурулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

"Мындай нерсе Кыргызстандын жарандарына узун кезекти айланып өтүп, көп функциялуу миграциялык борбор тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарды (медициналык кароодон өтүү, манжа изин каттоо, сүрөткө тартуу, каттоо ж.б.) тез алууга жеңилдик берет. Кыргыз тарап Россияга маселени тез арада чечкени үчүн ыраазычылык билдирет", — деп айтылат маалыматта.

2021-жылдын 29-декабрында Россияга келген мигранттарга медициналык текшерүүдөн, ошондой эле манжа изин каттоодон өткөрүү (дактилоскопия) жана сүрөткө тартуу талабы коюлган.
Буга чейин Кыргызстандын элчилиги Москванын миграциялык борборлорунда узун кезекке туруу көйгөйүн чечүүгө жардам берүү өтүнүчү менен Россияга кайрылган.
Москвадагы полиция бөлүмүндө тартылган видео боюнча элчилик үн катты